Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Орусия сынчы блогерди Кыргызстанга кайтарды


Эмил Бекиев.
Эмил Бекиев.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кыргыз бийлигин сындаган блогер жана оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташын Кыргызстанга өткөрүп берди.

Бийликти сынга алып, өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай Москвадагы элчиликтин алдында жалгыз пикетке чыккан кыргызстандык Эмил Бекиевди учуп келери менен УКМК кармап, камакка алганын ырастады. Бирок кенен маалымат берген жок. Эмил Бекиевге диний, улут жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси менен кылмыш иши козголгонун анын жакындары билдиришти.

Тамчыга конгон табышмактуу учак

7-сентябрда таңкы саат 6:25те Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аба майданына бортунда Орусиядан депортацияланган кыргыз жарандары бар учак келип конду. Алардын арасында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвадан кармаган кыргызстандык Эмил Бекиев бар экени белгилүү болду.

Орусиядан жол тарткан учак эмнеге Тамчыга конгону жана андагы башка депортацияланган жарандардын саны, алардын кимдер экен тууралуу расмий маалымат жок.

Эмил Бекиевди учактан УКМК кызматкерлери алып түшүп, Бишкекке алып кеткенин аны күтүп барган санаалаштары билдиришти. Атайын кызмат бул кармоонун жагдайлары тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кармалган Эмил Бекиевдин тарапташы Нурбек Кубанычбеков ага диний жана улут аралык кастыкты козутуу беренеси менен айып тагылып жатканын, бирок бул кармоонун чыныгы себеби башкада экенине токтолду:

Нурбек Кубанычбеков, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисти.
Нурбек Кубанычбеков, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисти.

"Ал азыр УКМКнын тергөө абагында. Ага диний, улут жана аймактар аралык кастыкты козуткан деп 330-берене менен айып тагылыптыр. Биз жактан Москвага кайрылуу болуп, ал жактан кармап, анан аны Орусия бул жакка депортациялап, Кыргызстанга өткөрүп берди. Бирок Эмил Бекиев улуттардын же диндердин кастыгын козуткан видео блокторду даярдаган эмес. Ал болгону президент Жапаров менен УКМК төрагасы Ташиевге "жарабайсыңар" дегендей эле сын айткан. "Көтөрүлгүлө, кууш керек" деген сөздөр болгон эмес. Ал "силер элди кыйнап койдуңар, кетпейсиңерби" деген видеолору бар экен. Москвадан аны карматып, бул жакка алдырып, эч кимге жолугуштурбай, алып келип отургузушту. Азыр эми ага азык-түлүк берели десек, киргизбей жатышат".

Бекиевдин орус жарандыгы жокко чыгарылды

Буга чейин блогер Эмил Бекиев YouTube каналы аркылуу кыргыз бийлигин сындаган видео блоктору менен интернет айдыңына белгилүү болгон.

Ага Кыргызстанда Кылмыш-жазык кодексинин 330-беренеси менен быйыл февраль айында кылмыш иши козголуп, аны өткөрүп берүү боюнча Орусияга суроо-талап жиберилгенин анын жакындары белгилешти. Федералдык коопсуздук кызматы быйыл август айында Эмил Бекиевди кармап, ал Сахаровадагы чет элдиктерди убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Эмил Бекиев 6-сентябрда Кыргызстанга учуп жатып, аны алдыда эмне күтүп турганы боюнча видео кайрылуу жасап, анысын тарапташтары Фейсбукка жайгаштырды.

"Кыргызстанга барып, жооп берем. Мен акмын. Себеби, сөз үчүн 30 жылда болбогон нерселер болуп жатат. Сөз сүйлөп, сын айткан жаш активисттерди камакка алып жатканын көрүп жатабыз. Мени деле ошол нерсе күтүп турушу мүмкүн. Эртең учуп барарым менен мени дагы түрмөгө алып кириши ыктымал. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Анткени мага быйыл февралда эле кылмыш иши козголгон. Ошондон бери мени бул жактан эки ирет алып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок эмнегедир ошол маалда мага Орусиянын жараны болгонум жардам берген".

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын "1984-жылы туулган Эмил Бекиевди радикалдык агымдын жактоочусу катары диний-этникалык артыкчылыкты тутунуп, диний-экстремисттик идеологияны карманганы жана ага мекенинде кылмыш иши козголгону" деген мүнөздөмөсүнүн көчүрмөсү Фейсбукка жарыяланды.

Анда 2022-жылы 25-мартта Орусиянын Челябинск шаарынын Совет райондук соту Эмил Бекиевдин орус жарандыгын жокко чыгарганы белгиленип, ФСБ аны өлкөдөн мажбурлап чыгаруу үчүн Москванын Преобреженский райондук сотуна сунуштама бергени документте көрсөтүлгөн.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жаштар канатынын төрайымы Орозайым Нарматова блогер Бекиев партиянын тарапташы болгонун ырастап, ал берилген өтүнүчтүн негизинде Кыргызстанга өткөрүлгөнүн белгиледи:

Орозайым Нарматова, парламенттик шайлоодо дебатта.
Орозайым Нарматова, парламенттик шайлоодо дебатта.

"Эмил Бекиев блогердик менен алектенип жүрүп, биздин партияга кошулуу ниетин билдирип келген. Ал өзүнүн YouTube каналы аркылуу бийликтин атайын даярдалган блогерлерине жооп кайтарып, катуу сын пикирлерин жарыялап турган. Эмил Бекиев бул жакта орус жарандыгы менен жүргөн. Кыргызстандын укук коргоо органдары аны диний экстремизмге тиешеси бар деп айыптаган экен. Ошонун негизинде Орусиянын тиешелүү органдары "коомчулукка зыян алып келип жатыптыр" деген негиз менен орус жарандыгынан ажыраткан. Себеби биздин Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү аны карматып, өтүнүч келтиргендиктен аны өткөрүп берүү маселеси коюлган. Ошол себептүү депортация болду".

Белгилей кетүүчү жагдай, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жактоочулары жакында эле Орусиянын Украинадагы "атайын операциясы" жүргөн Донбасска гуманитардык жардам жөнөткөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Партиянын бул кадамы Украинага басып кирген агрессордун саясатын колдоп, Кремлге жакшы көрүнгүсү келген аракет катары коомчулуктун кээ бир катмарынын сынына кабылган.

Партиянын активисттери бул жардам согуштан каржалган калкка гана багытталганын айтып, гуманитардык миссиянын саясат менен байланышы жок экенин белгилешкен.

Азыр эми бул партиянын өкүлдөрү Орусияда алардын тарапташы, саясий темада видеолорду чыгарган блогер кандайча "диний экстремистке" айланып калганына баш катырышууда.

"Жек көрүүнү жайылтууга чек болушу керек"

Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген блогер Эмил Бекиев президенттикке талапкер саясатчы Адахан Мадумаровдун колдоочусу катары да белгилүү. Ал шайлоодон кийин 2021-жылы кышында Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына колуна "шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм" деген плакат көтөрүп, жалгыз пикет уюштурган сүрөтү сайттарга чыккан.

ОшМУнун доценти, окумуштуу Абазбек Шерматов оппозицияны колдоп, ашынган блогерлер сын айтпай эле жек көрүүнү жана кастыкты күчөтүп, аша чаап кетип жатат деп сындады:

Авазбек Шерматов, ОшМУнун доценти, окумуштуу.
Авазбек Шерматов, ОшМУнун доценти, окумуштуу.

"Бул партиянын айрым өкүлдөрү радикалдык чакырыктарды жайылткан күчкө айланып бара жатат. Мындай караганда, биздегидей, өз мекенине каршы жасалган иш-аракеттер башка өлкөлөрдө жок болсо керек. Болсо дагы мынчалык эмес. Алар өтө эле ашынып кетти. Мамлекеттик бийлик канчалык жан үрөп, болгон мүмкүнчүлүгү менен кайсы бир иштерди жасабасын, сөзсүз ага каршы пикир айтылат. Айтылганда дагы, маданияттуу жол менен эмес, ашынган, албууттанган, ушунчалык көрө албастык менен жек көрүүсүн чачыратып, кара өзгөй ниетти көздөгөндөргө эмне деп жооп бериш керек? Мунун артында биздин мамлекеттик түзүлүшкө каршы багытталган тымызын иш-аракеттер жасалып жаткандай байкалат. Президентти шайлагандан кийин анын мөөнөтү бүткөнгө чейин, жок дегенде көпчүлүк добушун берген жарандардын тандоосун сыйлашса болот эле. Азчылык туруп алып эле көпчүлүктүн тандоосун жактырбай, улам заарын чачып, каршы чыга берсе, анда биз кандай мамлекет болобуз? Сын болсун. Бирок ал акыйкат, адилет жана чеги менен болушу зарыл".

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы блогер Эмил Бекиев Фейсбук социалдык тармагында президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясатын сындагандан башка диний, улут жана аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси жоктугун айтып, анын сыны кандайча экстремизмге байланыштуу болуп калганын белгилеп, билдирүү таратты.

УКМК Эмил Бекиевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу жакын арада кенен маалымат берилерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG