Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Октябрь окуясына эки жыл: Үмүт жана убада


Cадыр Жапаров тарапташтары менен Бишкекте, 14-октябрь, 2020-жыл.
Cадыр Жапаров тарапташтары менен Бишкекте, 14-октябрь, 2020-жыл.

Октябрь окуяларынын эки жылдыгы кыргыз-тажик чек арасындагы оор кырдаалга туш келди. Ошол эле учурда кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек араны тактоону аягына чыгарууга умтулуп жатат.

2020-жылдын 4-октябрындагы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийликке келген президент Садыр Жапаров жоопкерчиликти өзүнө алып, “мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн диктатурасын орнотууга” убада берген. Ал убада канчалык ишке ашууда жана эки жыл ичинде эмне өзгөрүүлөр, кандай тоскоолдуктар болду?

6-октябрга караган түнү милиция менен эл кагылышканда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан катуу жараат алып каза болгон. Андан тышкары жүздөгөн адам ооруканага кайрылган. Көбүнүн көзүнө, башына, денесине желим ок тийген, сабалгандары да болгон.

"Үмүтбек унутта калбайт, түбөлүк эсибизде калат. Ким жоопкер болсо аларды жоопко тартабыз" - деген Садыр Жапаров.

Бийлик: укук жана жоопкерчилик

2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетип, элдик референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкарууга өтүүнү колдоп берген. Референдумдан кийинки бир жылда тиешелүү мыйзамдык актыларды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү жараяны жүрүп, 2021-жылдын октябрында президент жооптуу болгон өкмөт ишке киришти.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кылып Акылбек Жапаровду дайындагандан кийин анын “ар бир кадамын өзү көзөмөлдөй турганын” айткан.

Президент Жапаров жаңы куралган өкмөттүн өмүрү узак болот деген ишенимин билдирген. "Анткени эгемендик алган 30 жыл ичинде 35ке жакын өкмөт алмашып кетти. Бул ар бир өкмөттүн иши алдыга жылбай, бир эле орунда турду дегенди билдирет”, - деген президент.

Президент жооптуу болгон аткаруу бийлигинин курамы кыска убакытта бир нече жолу алмашты. Төраганын төрт орун басарынын экөө жана алты министри ар кандай шартта кызматтан алынды. Алардын ичинен мурдагы министрлер Алымкадыр Бейшеналиев, Алмаз Бейшеналиев жана Доскул Бекмурзаевге кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков кызматта турганда коррупцияга шек саналып кармалган.

2021-жылы санариптик трансформация министри Азамат Дыйканбаев пара алууга шек саналып камалып, анын ордуна Дастан Догоев дайындалган.

3-октябрда президент төрт министрди кызматтан алып, ордуна башкаларды дайындады.
3-октябрда президент төрт министрди кызматтан алып, ордуна башкаларды дайындады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев бийлик жоопкерчилигин бир кишиге артуу кадр саясатында көп мүчүлүштүк жаратууда деген пикирде.

“Парламенттик башкарууда эл өзүнүн өкүлдөрү аркылуу кадрдык саясатты, коррупцияны жана бардык тармакты көзөмөлдөй алат. Парламентте көпчүлүк коалиция менен азчылык оппозиция бири-бирин көзөмөлдөп, кадрлардын ишине да көз салып турушмак. Азыр болсо бул тармак монополия болуп, бир адам каалаган адамын кызматка коёт. Мындай кырдаалда, албетте, адашуулар болуп жатпайбы”.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Контстициялык топко төрагалык кылган, президенттин улук кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев мындай пикир менен макул эмес. Ал 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу кенен болгону менен эч ким жоопкерчилик албаганын айтып сындады.

“Конституциянын 73-беренесинде президенттин жоопкерчилиги так жазылган. Мындай жоопкерчилик дүйнөдө эч бир президентте жок. Ошону ишке ашыруу үчүн парламент жоопкерчилик боюнча мыйзам кабыл алышы керек. Алар кабыл албай жатышат. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик деген бар, биз аны биринчи жолу киргиздик. Анда кылмыш жоопкерчилиги, административдик жоопкерчилик, жарандык укуктук жоопкерчилик жана эмгек жоопкерчилиги дегендер бар”.

27-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов “азыркы жергиликтүү башкаруу системасы менен аймакты өнүктүрүүгө болбой турганы үчүн” кызматын тапшырганын ачык айтып, борборлоштурулган башкарууну децентрализациялоону, бул реформалар ыкчам жасалышы зарылдыгын белгиледи.

“Кадр саясаты, каржы, ички чарба иштеринин баарын айыл өкмөт, аким, губернатор өзү чечиши керек. Борбордук бийлик бийлигин эл менен бөлүшүшү керек. Өлкө башчысы, өкмөт башчысы буга көңүл бурбаса, алдыга жылбашыбызга көзүм жетти”.

Сулаймановдун сынына президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев дароо жооп узатып, “аймактык реформа бир заматта эле боло калбай турганын”, “бир жылдан бери долбоор даярдалып жатканын" айтты.

Талдоочулар эгерде президент жоопкерчилик өзүндө экенин сезсе, кадр даярдоо көңүл бура турган маселе экенин белгилешет. “Жаш, прогрессивдүү кадрларды алып келели деп жатышат, бирок децентрализация маселесинен улам ишке ашыра албай жатышат. Эгер бизде жергиликтүү бийликке көбүрөөк укук берилсе, айыл өкмөттөр, айылдык депутаттар өздөрүн көрсөтүп, кадрлардын резерви пайда болмок", - деди экс-депутат Нурбаев.

Чек ара - чоң сыноо

Чек ара - Жапаровдун эки жылдык президенттик бийлигиндеги эң катаал сыноо болду. Сентябрдын соңунда Жогорку Кеңеште чек арадагы окуялар үчүн жоопкерчиликти ким алат деген маселе көтөрүлдү.

Өткөн жылы апрель соңунда жана быйыл сентябрдын орто ченинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, ондогон адам окко учуп, жүздөгөн турак жай талкаланган.

Быйыл 14-17-сентябрдагы жаңжалда Кыргызстан бери дегенде 62 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. 140 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала даярдаган аскердик агрессиясы" деп айыптаган.

20-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан чек арадагы окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатат. 20-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатат. 20-сентябрь, 2022-жыл.

"Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз. Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз", - деген Садыр Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан кийин бийликтин дарегине айтылган сын-пикир да күчөдү.

25-сентябрда Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов кол койгон протоколго ылайык, эки мамлекет чек арадагы төрттөн постторун ала турган болгон. Бул документтин кабыл алынышына нааразы болгондор протоколдун ачык жарыяланышын талап кылышты.

Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министри Токон Мамытов да мындай учурда чечимдердин ачык-айкын болуусу маанилүү дейт.

"Тажикстан менен болгон чек араны тактоого шашылбай, бар документтин баарын иликтеп чыгуу керек. Алардын колдонгон тактикаларына да көңүл буруу зарыл. Мындан бир жарым жыл мурда да ушинтип басып кирип, талкалап, кайра чыгып кетүүсүн талап кылганда протокол кабыл алууну сунуш кылышкан. Өткөн окуяда да ошол кайталанып, протоколго кол койдуруп алышты. Ушул учурлардын баары кылдат териштирип, баа берип, жыйынтык чыгарып, сүйлөшүү жүргүзүүнүн тактикасын өзгөртүү керек".

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул кандуу окуяда кыргыз тарапты "агрессияга" айыптады. Дүйшөмбүнүн расмий маалыматында 41 тажик жараны каза болгону айтылат. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70тен ашуун кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Президент Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө Өзбекстан менен чек араны такташып бүтүп, анан Тажикстан менен соңуна чыгаруу аракети болорун айтып келген. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан көп өтпөй эле 26-сентябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди. Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен протоколуна кол коюлган. Бул документ чек аранын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк бере турган болгон.

Жогорку Кеңештин 26-сентябрдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров кол коюлган протоколго ылайык Кемпир-Абад аймагы Өзбекстанга берилери сөз болуп жатканын айтып чыкты. Өзгөн районунун жашоочулары кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кол койгон протокол ачык жарыяланышын талап кылып, нааразылык акцияларына чыкты.

4-октябрда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөнгө барып, эл менен жолугушту.

Кумтөр, кен байлыкты улутташтыруу саясаты

Президент Садыр Жапаров жана "Кумтөр Голд Компанинин" тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде.
Президент Садыр Жапаров жана "Кумтөр Голд Компанинин" тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде.

Президент Жапаровдун шайлоо учурундагы убадасынын бири - мигранттарга жумуш орундарын түзүү, мекенине кайтаруу, кен байлыктарды улутташтыруу эле. Анын популярдуулугу өсүп, күтүүсүз жерден каршылык кыймылдарынын лидерине айланышына дагы Кумтөрдүн тагдырына күйүп-бышканы, анын айынан абакка түшүп, куугунтукка алынганы себеп болгонун талдоочулар белгилеп жүрөт.

Быйыл апрелде кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул келишимдин арты менен Кыргызстан өндурүлгөн алтынды дүйнөлүк биржага сатууга мүмкүнчүлүк аларын, 2022-жылы Кумтөрдөн 500 млн. доллар пайда көрөрүн "Азаттыкка" билдирген.

"Биздин дагы бир чоң максатыбыз “Көчмөндөр мурасы” аттуу холдинг түзүп, 10го жакын кенди киргизгенбиз. 7-10 млрд. доллардык компания менен эл аралык рынокто инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Биз 1 унций алтынды 1829 доллар деп эсептегенбиз. Эгерде бул баа сактала турган болсо, быйыл салыктан тышкары 500 млн. доллар таза киреше алабыз деген планыбыз бар. Мурда 85 млн. долларды 20 жылда алганбыз”.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алып, ишкананын сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Аны 13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу айыптап, камакка алынды.

Бийликтин ишенимдүү кадры саналган Тенгиз Бөлтүрүктүн ишине сын туш-туштан жаап, Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлгөн. Буга ал жетектеген "Кумтөр Голд Компани" ишканасына кымбат баага кеңсе ижара алганы биринчи себеп болгон.

Эсеп палатасы ушул жылдын май айында "Кумтөр" кенинин ишин текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганын аныктаган. Буга байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов 23-августта ээлеген кызматынан четтетилген.

26-августта “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтынды сатуу боюнча макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

Мындан көп узабай президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Кийин Инстаграмдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровго окшош адамдын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков "Кумтөр" Кыргызстандын экономикасы үчүн иштей баштаганын айтып, эми кенди ачык-айкын башкарууну жолго салуу керектигин белгиледи.

"Башкарманын мүчөлөрүн коюу сыяктуу иштерди ачык-айкын жүргүзүү маанилүү. Учурунда "Центерра" ишканасы ар ай, квартал сайын ишинин отчетун чыгарып турчу. Ошол көрүнүштү улантып, түшкөн пайданы, чыгымдарды чыгарып турса эле бул долбоордун келечеги болот. Ачык-айкындык болбосо, кайра көйгөйлөр жаралып, суроолор көбөйө берет".

13-сентябрда Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган. Ошол эле күнү ишкананын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалган.

Бөлтүрүк өзүнө коюлган айыпты "акылга сыйгыс" деп атап, "Кумтөрдө" коррупциялык схемалар дагы эле бар экенин айткан. Ал 10-ноябрга чейин абакта калтырылган.

Кумтөр кенинин тегерегиндеги көтөрүлгөн маселелер Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп 29-сентябрда 13 депутаттан турган комиссия түзүлдү. Буга удаа эле 30-сентябрда коомдук комиссия түзүлүп, ага саясатчы Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков, Рамазан Дырылдаев, экономист Гани Абдирасулов, юрист Данияр Эркинбаев, талдоочу Айданбек Акматов, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкулов кирди.

Сөз эркиндиги

Садыр Жапаров бийликке келгенде “сөз эркиндигин, адам укугун коргоо - биздин негизги, эң башкы милдетибиз”, - деген.

Бирок акыркы эки жылда бир нече активисттер жана блогерлер камалып, кылмыш иши козголду. Жыл башында иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин ысымы аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралды. Тергөөнүн материалдарында журналисттин аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

Сентябрдын аягында Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актады. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген жок.

Сотто журналист Темиров журналисттерди жана сөз эркиндигин басмырлоого укук коргоо органдары менен атайын кызматтардын активдүү катышып жатканын айыптап, фемиданын колунда мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотуп, адилеттүүлүк жакка бурулуш жасоо мүмкүнчүлүгү турганын билдирген.

Жакында эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды. Өкүм 21-сентябрдагы отурумда угузулуп, ал сот залынан бошотулган.

Адвокаттар өкүмгө макул эместигин билдирип, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышкан.

УКМК быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөө телеканал "Кыргызстан Орусияга Украина маселесинде жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды карманууну эскерткен.

Дүйшөмбиев өзү "улут аралык кастыкты козутуу болбогонун, айыптоочу коюп жаткан айыбын сотто далилдей албаганын" "Азаттыкка" айтып берген.

Сот чечиминен кийин Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин ойдон чыгарылган айыптоолор менен журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. Булардан сырткары дагы бир нече блогер жана активисттердин үстүнөн сот жана териштирүү жүрүүдө.

Блогер Ырыс Жекшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен айып тагылды. Ага ылайык, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек да 278-берененин негизинде июнь айынан бери камакта отурат. Ал Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып турчу. Активист камалганга чейин бийлик бир нече жолу эскертүү бергенин айтып жүргөн.

Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн "Медиа Полиси" институту билдирүү таратып, бийликти камактагы активист, блогерлерди бошотууга чакырган.

Ошол эле учурда коомчулукта блогерлер журналистиканын жалпы эреже, стандарттарын так сакташы керек деген пикир да басымдуу.

“Анткени биздин көпчүлүк жарандарыбыз окуянын чоо-жайын түшүнбөй, терең анализ жасабай туруп бирөөлөргө курал болуп атат. Айрыкча жаштар өзүн блогер деп эсептеп алышып эле ар кандай жеңил-желпи иштерге аралашып атышат. Бул жерде керкисинде да, кемтигинде да бар болушу мүмкүн”, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев. Эл өкүлү ар бир нерседе жоопкерчиликти да унутпоого кеңеш берет.

"Фридом Хаус" эл аралык уюму жылда жарыяланып келген рейтингинде Кыргызстанда 2022-жылы демократиялык башкаруу артка кеткенин белгиледи. Мунун белгилери катары шашылыш конституциялык реформадан улам бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, УКМКнын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Муну менен катар өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгы азайганы да көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG