Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

"Октябрь окуялары": Аксыдагы бийлик талаштын чубалган чуусу


Тараптар кандуу окуядан улам бири-бирин айыптап, доомат коюп келет. 
Тараптар кандуу окуядан улам бири-бирин айыптап, доомат коюп келет. 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда мындан эки жылдай мурун Октябрь окуяларында жараат алып, бир айга жетпей каза тапкан Уланбек Жаманкуловдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү аяктай элек. Тергөөдө үч адамга айып коюлган жана Жалал-Абад шаардык соту аларды үй камагына чыгарган.

Жаманкуловдун башына операция жасаган дарыгерлерге, соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн адиске дагы былтыр кылмыш иштери козголгон.

Тараптар кандуу окуядан улам бири-бирин айыптап, доомат коюп келет.

Иш облустук сотто

Уланбек Жаманкуловдун өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин азыр Жалал-Абад облустук соту карап жатат. Кийинки процесс 28-январга белгиленген жана өкүм чыгышы мүмкүн.

Бул фактыга байланыштуу үч адамга - мурдагы милиция кызматкери Кутман Шадыбековго, Жылдызбек Шадыбеков менен анын ошол кезде райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген уулу Тургунбекке айып тагылган.

Аларды Жалал-Абад шаардык соту "бейбаштык" беренеси менен үч жылга соттоп, тергөө абагынан чыгарган. Маркумдун апасы Айзууракан Кочкорбаеванын айтымында, баласын жоон топ адам катуу сабаган жана күнөөлүүлөр жазасыз калды.

"Аксыдагы Ак-Дөбө айылынын тургундары, атчандар, ата-бала Жылдыз менен Тургунбек Шадыбековдор, Кутман Шадыбеков менин баламды ур-токмокко алып, жылаңачтап алып паркта сүйрөп, башына оор темир, арматура менен урушкан. Менин баламды Ак-Дөбө айылынын тургундары өлтүргөн. Менин балам өлө турган бала эмес эле, жөн эле ишкерлик менен алектенген бала эле. Артында төрт баласы жетим калды. Шаардык сот дагы, облустук сот дагы туура эмес чечим чыгарып жатат. Мен сотторго ишенбейм. Бул жерде акыйкаттык болгон жок. Кембагалдардын балдары өлүп кала береби?".


Эки жыл мурдагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте калайман каршылык күчөп, бийлик күч менен алмашканда Аксыда дагы жүздөгөн адам акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган. Акимчиликтин имаратын басып алгандар менен аны бошотууга баргандардын ортосунда жаңжал чыгып, ал тоз-тополоң менен коштолгон. Уланбек Жаманкулов ошол маалда, 7-октябрда токмок жеп ооруканага түшкөн.

Маркумдун кайын атасы Артыбай Аргынбаев сотторго арызданып президентке, башкы прокурорго бир канча жолу кайрылганын билдирди.

"Аксы районунда акимчиликти басып алгандар ошол имаратты бошоткон элдик кошуундагы балдарды сабап, үч адам жарадар болуп, бир адам өлгөн. Кийин бир жыл тергөө жүрүп, прокурор буларды 13-15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Жалал-Абад шаардык соту алардан акча алганбы, билбейбиз, аларга үч жыл берип, пробация деп чыгарышты. Биз буга байланыштуу башкы прокурорго 11 жолу кайрылдык. Президентке эки жолу арыз жазса, экөөнү тең аны кайра Жалал-Абаддын прокуроруна жиберип жатат. Баары видеолор менен далилденген. Уландын башы 17 жерден тигилген".

"Азаттык" бул окуяга байланыштуу соттордон комментарий ала алган жок.


Айыпталуучу ата-баланын адвокаты Кубат Шадыбеков шаардык сотто оор беренелер боюнча айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин айтууда.

"Алардын күнөөсүн тактай албастан, оор беренелерди жокко чыгарып, "бейбаштыкка" алмаштырып, пробация менен чыгарган. Булардын күнөөсү жок, бул такталды. Тергөө ак жүрүп жатат. Эгер оор кылмыш болсо, Уландын башы сынса, ошол 7-октябрда эле өлүп калмак. Ал байкушту Кербенден алып кетпей коюшса эле тирүү калмак".

Айыпталуучу ата-бала Шадыбековдордун бир тууганы Оролбек Шадыбековдун билдиришинче, Жаманкулов операцияга муктаж болгон эмес.

"Ал жерде уруш болбойт эле. Бул балдар биринчи өздөрү бычак сайышкан. Жаш балдарга бычак сайгандан кийин эл көтөрүлүп кетти. Төрт бала бычак жеген. Ошолордун бычактарын алыш үчүн жаңжал болуп, мушташ чыгып кеткен. Анан булар качкан. Качканда Улан жыгылып калган. Ошондо балдар аны ур-токмокко алып, тээп салган. Ал жерде видео бар деп жатат. Видеону сот залында көрсөтүштү, баары көрдү. Андан биз кете албайбыз, ал бар нерсе. Бирок ал жерде менин иним, айып коюлгандардын бирөө дагы жок. Булар чаташтырып жатышат. Анын (Уланбек Жаманкуловдун - ред) башындагы гематома операциядан кийин пайда болуп жатат. Аны соттук-медициналык экспертиза боюнча комиссия дагы аныктап жатат. Операция кылбаса бала өлбөйт эле. Эч кандай көрсөтмө жок болчу. Жалал-Абадда 9-октябрда, 14-октябрда Бишкекке келери менен башын рентгенге тартышкан. Экөөндө тең эч нерсе жок. МРТга жөн эле түшкөн. Эч кандай көрсөтмө жок эле булар 15инде операция жасатышкан".


Уланбек Жаманкулов токмок жеген күнү Кербен шаарындагы ооруканага жаткырылып, ошол эле күнү Жалал-Абад шаарына жеткирилген. Кийин Ош шаарына которулуп, андан соң Бишкекке учак менен алып келишкен. Анын жубайы Нургүл Аргынбаева күйөөсүнүн жарааты оор болгонун жана Бишкекке алып келген маалда абалы дагы начарлап кеткенин айтты.

"Мен аны өзүм жетелеп алып баргам, өз алдынча баса албайт эле. Башынан катуу жаракат алгандыктан мас адамдай болуп башка жакка басып кетет эле. Тамакты деле өзү жей албай калган. Бишкекке алып барганыбыздын себеби, анын абалы оорлошуп, кан басымы түшпөй койгон. Оштон томографияга тарталы десек анын салмагы туура келбей калды. Ал жерде ага туура келген, чоң көлөмдөгү адамдарды тарткан томография жок экен. Күйөөм туурасынан батпай калган. Башынын соо жери калган эмес, 15-16 жеринен тигилген. Врачтар көргөндө эле башында кан уюп калганын билишет экен да. Көзүнүн, кулактарынын арты көгөрүп кетет экен. Врачтарга биздин эч кандай дооматыбыз жок. Операция кылбаганда эки күндөн кийин комага түшүп калмак дешкен".

Дарыгерлерге, соттук-медициналык экспертке козголгон иштер

Айыпталуучу тараптын арызынын негизинде милиция Жаманкуловдун башына операция жасаган Улуттук госпиталдын Иса Дыйканалиев баштаган дарыгерлерине өзүнчө, соттук-медициналык эспертиза жүргүзгөн адиске өзүнчө кылмыш иштери козголгон.

Хирург Дыйканалиев "Жаманкуловго операция эч негизсиз жасалган" деген дооматты четке какты.

"Мындай бейтаптар ошондой мээси менен кыйналат. Мээ жабыркаганда убакыт керек, күтүп тур, ал-бул деген болбойт. Адам кыйналат, бул башка органдардай эмес. Мээ деген бул борбор да. Көп нерсе кыймылдабай, укпай, же сезими начарлап, адекваттуулук жок болот. Операция жасай турган көрсөткүчтөр болот. Ошонун баарын териштиргенден кийин операция болот. Аны жөн эле жасай калбайт. Бул жерде мен эле эмес, бир бөлүмдө канча врач болсо ошолордун баары карап-көргөндөн кийин жасалат да".

Аксыдагы октябрдагы тоз-тополоңго байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголгон жана тергелип бүтө элек. Анда Айбек Мунарбек уулу аттуу жаран Алтынбек Козуевди "бычак сайды" деп айыптап арыз жазган. Козуев буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип, тополоңдо өзү токмок жегенин айтып, "бычак шилтеген" деген дооматты четке каккан.

"Мен Бишкектен Аксыга 7-октябрда эртең менен 8дерде келип, акимчиликке саат 10дордо баргам. Балдар чогулуп туруптур. Ал жакка барган себебим, мага райондук милициянын башчысы "басып алганы жатышат, талап-тоноо болуп кетпесин, элдик кошуун керек" деп чалган. Аким "Алтын Казыктын" жанында чогулуш өткөргөн. Чогулуш жарым саат болду окшойт, мен ага катышкан эмесмин. Инилерим дагы бар эле, кетебиз деп жатсак бир милиция кызматкери келип "начальник кетпей турсун деп атат, азыр элдик кошуундун формасын беребиз" деп токтотуп калат. Ошол жерден эле тополоң башталып кетти. Мен 30-40тай баланын ортосунда калгам. Милицияда иштеген Тургунбек Шадыбеков мени темир же арматура менен урган. Мени "бычак сайды" деп айыптап жаткан Айбек Мунарбек уулун тааныбайм. Көргөн дагы эмесмин. Мен муну сотто дагы айттым, эгер ошол учурда менин колумдан тал же чырпык көрсө, далилдесин. Менде андай болгон эмес. Мен тополоңго чыккандарды ажыратып жаткам, мунун баары видеодо бар. Анан калса видеону өздөрү тартып жаткан".

Адвокат Майрамбек Жумабеков Алтынбек Козуевге каршы арыз окуя болгондон кийин 49 күндөн кийин жазылганын айтып, буга байланыштуу Шадыбековдордун атын атаган.

"Булар, Жылдызбек Шадыбеков ошол учурдан пайдаланып акимди кызматтан алып, өзүбүздүн кишибизди аким кылабыз деген. Ошондой үмүт менен барышкан. Ошондо мен жактап жаткан Алтынбек Козуев милиция башчынын суранычы менен "аларды киргизбейли" деген. Тополоң болуп 200дөй киши келген, 20дай атчан болгон. Милиция кызматкерлеринин арасында Жылдызбектин Тургунбек деген баласы дагы болгон. Биз үчөөнү шаардык сот аркылуу камакка алдырганбыз. Жылдызбек Шадыбеков облустук соттон үй камагына чыгып кеткен. Анын бөгөт чарасы өзгөргөндөн кийин Алтынбек Козуевге каршы жанагындай иштер башталды. Башында "Козуев 50 миң сом талап кылды" деген арызга байланыштуу бир иш бар болчу. Бирок аны Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы бөлүмү кыскарткан. Экинчи ишти "бычак сайды" деген арызга байланыштуу козгошту. Арыз окуя болгондон кийин 49 күндөн кийин жазылып жатат. Мен тергөөчүлөргө дагы бул логикага туура келбей турганын айттым. Ал кайдан бычак саймак эле? Ал жерде адамдар көп болчу, Козуев "бычак саям" десе аны ошол жерден эле ат менен тебелеп кетишмек. Козуев ошол жердеги экинчи өлүк болмок. Бул жалган көрсөтмө".

Бул окуядагы жабырлануучу тарап Шадыбековдор райондогу кадр саясатына кийлигишип, ар кандай чагымдарды уюштуруп келгенин, октябрда Бишкектеги башаламандыктан пайдаланып акимди кетирип, өз кишисин коюу максатында элди чогултканын айтып келишет. Шадыбековдор болсо бул сөздөрдү жокко чыгарып жүрүшөт.

Милиция бул фактынын иликтенип-тергелишине байланыштуу сын-дооматтарга комментарий бере элек.

Жалал-Абад облусунун прокурору Уланбек Ибраим уулу "жеке кызыкчылыгы бар" деген сөздөрдү четке каккан.


2020-жылы тоз-тополоң менен коштолгон Октябрь окуялары бийлик алмашуу менен аяктаган. Бир катар аймактарда дагы жергиликтүү бийликти алмаштыруу аракети болуп, айрым жерлерде жаңжал, мушташ менен коштолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG