Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Бажы кызматынын экс-төрагасына 1 миллион сом айып салынды


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбековду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп таап, бир миллион сом айып салды. Бул тууралуу соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим 28-апрелде эле чыкканы белгилүү болду.

Адилет Кубанычбеков 19-мартта үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубанычбеков тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды да моюнуна алганын кабарлаган.

Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга айыпталып 17-январда кармалган. Ал коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган.

Кубанычбеков бул кызматка 2020-жылы октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG