Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Европа комиссиясынын төрайымы Киевге барды


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

15-сентябрда Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге барды. Ал Твиттердеги баракчасына согуш башталгандан бери бул анын үчүнчү сапары экенин жазып, Украина Европа Биримдигине талапкер өлкө экенин билдирди.

Ал Украинанын президенти Владимир Зеленский жана премьер-министри Денис Шмыгаль болуп Украина менен Евробиримдиктин экономикасынын алакасын талкуулай турганын кошумчалады.

Шаршемби күнү Украинанын биринчи айымы Елена Зеленская Европарламентке чакырылган. Анда Урсула фон дер Ляйен Украинаны Европанын ички рыногуна тоскоолдуксуз киргизүү боюнча кызматташуу ниетин билдирген.

Европа комиссиясынын төрайымы бул маселени Владимир Зеленский менен да талкуулайт.

Евробиримдик июнь айында Украинага уюмга кирүүгө талапкер макамын берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG