Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Киевде Зеленскийдин кортежи жол кырсыгына кабылды


Владимир Зеленский Изюм шаарында. 14-сентябрь, 2022-жыл.
Владимир Зеленский Изюм шаарында. 14-сентябрь, 2022-жыл.

15-сентябрга караган түнү Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский бараткан автоунаа жана аны коштоп жүргөн кортеж жол кырсыгына кабылды. Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоровдун айтымында, Зеленский өзү жабыркаган жок.

“Президент дарыгердин кароосунан өттү, эч кандай оор жаракат жок. Укук коргоо кызматкерлери кырсыктын бардык жагдайларын аныктап чыгышат”, — деди Никифоров.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсык саат 12лер чамасында Киевдеги Жеңиш аянтында болгон. 14-сентябрда Владимир Зеленский өзүнүн кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак менен бирге Орусиянын аскерлеринен бошотулган Украинанын Харьков облусунун Изюм шаарына барган.

Украинанын армиясы августтун аягында орус армиясына каршы контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул шаарда Балаклея, Изюм сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG