Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна кол коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.

Кыргызстандын президентинин администрациясы кабарлагандай, темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтчү тилкеси тууралуу макулдашуу документине Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифэн (онлайн катышты) кол койду.

Ага ылайык, жол тилкеси "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт.

Расмий маалыматта кабарлагандай, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн маанилүү долбоор экени, бул темир жол коридору Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чыгууга жол ачат.

"Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Европа Биримдигине жеткирүүнү камсыздайт. Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүдө аралыкты жана убакытты кыскартат. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө - жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана элдин каттамын жеңилдетип, транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет", -деп жазылган маалыматта.

Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган.

Бул долбоор үч өлкөнүн темир жолдорун кошуп, андан ары Перс булуңун, Иран, Түркия аркылуу Европага чейинки эл аралык темир жол тармагына туташтырууну көздөгөн эң ири долбоор экени айтылып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG