Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Тажикстанда чек ара чырында эки аскер каза болгону кабарланды


Кыргыз-тажик чек арасы. Ворух анклавы. Архив.
Кыргыз-тажик чек арасы. Ворух анклавы. Архив.

“Озоди” радиосу 14-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон атышууда эки тажик аскери набыт болуп, 11 адам жаракат алганын жазды. Маалыматка караганда, жаракат алгандардын ичинен алтоо чек арачылар, бешөө жайкын тургундар. Алардын баары ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде Булак-Башыда, Как-Сай жана Паскы-Арык аймагында ар кайсы убакта ок атылды.

Мекеменин маалыматына караганда, эртең мененки саат 08:10дор чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, “тажик чек арачылары миномет” колдонгонун кабарлады.

Расмий Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан беш адам жаракат алганын тактады. Алардын экөө аскер кызматкерлери, үчөө жайкын тургундар, бири 11 жаштагы бала экени белгилүү болду. Жараат алган үч адам тең Лейлектин ооруканасында жатат. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 14-сентябрь, кечки саат 21.00гө карата экөөнүн абалы орточо оор, бир кишинин абалы өтө оор экенин маалымдады.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

Тажик бийлиги соңку чатак боюнча расмий комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG