Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Энергетика министри Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди


Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 14-сентябрда маалымдады. Анда бул чечим тергөөгө байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге министрдин милдетин аткаруу милдети убактылуу жүктөлдү.

Башкы прокуратура Бекмурзаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген негизде эки кылмыш иши козголгонун 13-сентябрда билдирген. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын сарптаганы, курулуш иштеринен 15 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш ” деп баалады. Ал 13-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен энергетика тармагын реформа жасоого аракет кылып жатканын айткан.

Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында министрлик кызматка дайындалган учурда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG