Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Чек ара кызматы Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун билдирди


Самаркандек айылы.
Самаркандек айылы.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 15.08дө тажик чек арачылары Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда ок атышуу башталды.

Тажик тарап буга байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, саат 14.40ка карата токтогонун билдирген. Ошол эле убакта кырдаал чыңалып турганын, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатканын маалымдаган.

Мунун алдында жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" Как-Сайдагы атышуудан улам Достук айылындагы аялдар менен балдар Кызыл-Бел кыштагына качып келгенин маалымдашкан. Айрым маалыматтарга караганда, Ак-Сай айылынын айрым тургундары дагы коопсуз жайга кетип жатат.

Буга байланыштуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик башчылары азырынча комментарий бере элек.

Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирген. Анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп бергени айтылат.

Тажикстан буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган. "Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жараат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараптар Булак-Башыда ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүп жатканын, кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Тактала элек тилкеде тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG