Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Кыргыз-тажик чек арасы: Как-Сай аймагында ок атышуу токтоду


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 14.40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында ок атышуу токтогонун билдирди. Ошол эле убакта кырдаал чыңалып турганын, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатканын маалымдады.

Мунун алдында жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" Как-Сайдагы" атышуудан улам "Достук" айылынын айрым жашоочулары Кызыл-Бел кыштагына качып келе баштаганын маалымдашкан. Айрым бир маалыматтарга караганда, Ак-Сай айылынын айрым тургундары дагы коопсуз жайга кетип жатат.

Буга байланыштуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик башчылары азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирген. Анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп бергени айтылат.

Тажикстан буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган. "Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жараат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараптар Булак-Башыда ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүп жатканын, кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG