Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Акылбек Жапаров: Бөлтүрүк тууралуу акыркы чечимди сот чыгарат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" учкай комментарий берди. Анда кылмышка шектүү тууралуу акыркы чечимди сот чыгарарын айтты.

"Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. "Кумтөр" өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нуркожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комисси түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардын сунуштарды күтүп жатабыз. Фейсбуктан эле биз болобуз деген сөздөрүнөн башка мага сунуштар келе элек",-деди Жапаров.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген.

Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

25-августта Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгонун белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG