Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Самаркандда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйыны өтөт


ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө.
ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-16-сентябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат.

Президенттин басма сөз кызматынын маалымдашынча, жыйында көп таратуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланат. Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолугат.

"Жолугушуулардын жыйынтыгында Самарканд декларациясына кол коюлат. Ошондой эле саясий, экономикалык, социалдык-маданий жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө, уюмдун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана жакшыртууга багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда. Экология маселелери, эл аралык азык-түлүк коопсуздугу, энергетикалык коопсуздук жана башка актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулат",-деп айтылат маалыматта.

Саммитке ШКУда байкоочу статусуна ээ болгон Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери да катышат. Андан сырткары Түркмөнстандын, Түркиянын, Армениянын жана Азербайжандын президенттери, бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилиги ардактуу конок катары келет.

ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG