Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Рим папасы Франциск Казакстанга барды


Рим папасы Франциск менен Касым-Жомарт Токаев.
Рим папасы Франциск менен Касым-Жомарт Токаев.

13-сентябрда Рим папасы Франциск дүйнөлүк диний лидерлердин курултайына катышуу үчүн Казакстанга барды. Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Рим папасы Франциск Казакстанда үч күн болот. Ал Борбор Азия өлкөсүнө келген экинчи папа болуп калды. 2001-жылы Рим папасы Иоанн Павел II Казакстанга ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган.

85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга бара элек болчу. Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген.

Рим папасы Франциск буга чейин патриарх Кирилл менен диний лидерлердин саммиттинде жолугууга үмүттөнөрүн билдирген. Бирок өткөн аптада Орус православ чиркөөсүнүн төрагасынын басма сөз катчысы патриарх Кирилл бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG