Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

Депутат зомбулуктан улам милиция кызматкерлерин кызматтан алууну сунуштады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнөн кийин аймактагы участкалык милиция кызматкери, ыкчам топ жана жетекчилиги боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чечим кабыл алынарын билдирди.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Искендер Матраимов кылмыштын алдын алуу милдетин аткара албаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылбаганын кескин сындады.

“Кызматтык иликтөөнүн кандай кереги бар? Ошол жерде факты болуп жатса. Бир кызды төртөө өлтүрүп жатат. Кандай иликтөө керек? Жетекчисин жана участкалык милиция кызматкеринин жоопкерчилигин карап, жумуштан алыш керек болчу. Бул жакта жактоочу болуп жатасыз”, - деди депутат.

Айдай Кочкорованын өлүмү тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети менен чогуу өткөргөн жыйынында маалымат берип жатат.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып төрт киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан. Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG