Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

УКМК: мурдагы КВНчи Жуманалиев тил кат менен бошотулду


Марат Жуманалиев.
Марат Жуманалиев.

“Азия MIX” КВН командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызмат Жуманалиев “алдамчылык” беренесине шектелип жатканын билдирди.

Буга чейин Марат Жуманалиев өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында тергөө абагынан бошотулганын, түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, "териштирдик, бири-бирибизден кечирим сурадык" деген болчу.

9-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча атайын комитет алдамчылык беренеси менен эки киши кармалганын маалымдаган. Атайын кызмат шектүүлөр "Спекулянт" ишканасынын жетекчисинен компанияга козголгон кылмыш ишти чечип берүү үчүн чоң суммадагы акча алганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG