Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Армения Азербайжан менен чек арадагы кагылышууда 49 жараны каза болгонун билдирди


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында болгон кагылышуудан армян тараптан кеминде 49 киши каза болду. Бул тууралуу Армениянын премьер-министр Никол Пашинян Улуттук ассамблеяда билдирип, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Расмий Ереван 13-сентябрда түн жарымында Азербайжандын куралдуу күчтөрү армяндардын позицияларын – Сотк, Варденис, Горис, Капан, Артаниш жана Ишханасарда аткылаганын билдирүүдө. Жарандык инфраструктурага да чабуул жасалганы кабарлады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениядагы жарандык объектилер аткыланганы тууралуу маалыматты четке какты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги болсо Армениянын куралдуу күчтөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын Дашкесан, Калбажар жана Лачин багыттарында чагым жана диверсия кылганын кабарлап, андан жоготуулар бар экенин кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Армения менен Азербайжан чек арасындагы акыркы кагылышууга тынчсыздануусун билдирип, эки тарапты атышууну токтотууга чакырды.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG