Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Өзбекстанда банктар чет элдиктерге эсеп ачууну катаалдаштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-сентябрдан тарта кеминде эки банк Өзбекстанда туруктуу жашабагандарга банк карталарын берүү шарттарын катаалдаштырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

“Капитал банк” чет өлкөлүк студенттерге, Өзбекстанда расмий эмгек келишими барларга жана өлкөдө 15 күндөн ашык жүргөн жарандарга гана банктан эсеп ачыларын билдирди. Банк карталарын берүүнү “Ипак Йули” банкы да катаалдаштырды. Жаңы эрежеге ылайык, эми банктан эсеп Ташкенттеги башкы кеңседе гана ачылат.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин көптөгөн Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизген. Анын ичинде Орусиянын банктары да чектөөлөргө кабылган. Ушундан улам орусиялыктар чет өлкөдө санкцияга илинген Орусиянын банктарынын карталарын колдоно албайт. Буга байланыштуу орус жарандары КМШ өлкөлөрүнөн, Түркиядан банк карталарын алып жатышат.

Маалыматка караганда, Өзбекстанда банк картасын алуу үчүн жергиликтүү SIM-карта, жана каттоого туруу гана жетиштүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG