Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Москва: Базарбаев менен Колокольцев мигранттар маселесин талкуулады


Кудайберген Базарбаев.
Кудайберген Базарбаев.

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-сентябрда Москвада Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолукту. Аталган министрлик тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз мигранттарын каттоого байланыштуу маселелерди талкуулады.

"Кыргыз тарап миграциялык жол-жоболорго байланыштуу бир катар сунуштарды киргизди. Жолугушуунун жыйынтыгында орус тарап сунуштарды эске алып, маселелерди чечүү үчүн чогуу аракеттенүү макулдашылды",- деп айтылат маалыматта.

Өткөн аптада айрым депутаттар миграция маселелери, сын-дооматтардан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен министр Базарбаевди кызматтан бошотуу тууралуу президентке кайрылышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди.

Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылууда.

Жогорку Кеңеште ушул айдын башында кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлгөн. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG