Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Ысык-Атада аялын уруп өлтүрүүгө шек саналган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуя Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында болгонун билдирди. Ага ылайык, 11-сентябрда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө сабалган 33 жаштагы келин түшкөнү, алган жараатынан улам каза болгону тууралуу милицияга маалымат берилген.

Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, маркумдун 40 жаштагы күйөсү кармалган.

"Ал жаран үйүндө арак ичип отуруп, уруш-талаш чыгарган, аялы анын ур-токмогунан көз жумган. Кылмышка шектүү милициянын убактылуу тергөө абагына камалды. Тергеп-иликтөө уланууда",-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.

XS
SM
MD
LG