Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Бизнес-акыйкатчы ишкерлер кабылган басым-кысымга тынчсызданды


Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.
Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.

Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлик жана инвестициялык чөйрөдөгү соңку жагдайга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бизнесмендерден түшкөн кайрылуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдардан улам тынчсыздануу айтылган.

"Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын башында ишкерлерди, инвесторлорду колдоо, менчигин коргоо, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоого байланыштуу жарлыгына карабай, терс фактылар орун алып жатат. Бизнеске ашыкча басым-кысым жасоо уланууда. Бул азыркыдай каатчылык маалында ишкер чөйрөгө жана инвестицилык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп белгиленген кайрылууда.

Ошондой эле мыйзамдардагы, долбоорлордогу ишкерликке тоскоолдук жараткан жагдайлар көрсөтүлгөн.

Буга байланышуу тиешелүү орган-мекемелер азырынча комментарий бере элек.

Садыр Жапаров 2021-жылдын башында алгач “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, андан кийин “Ишкердик субъектилерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган. Анда мамлекеттин ишкерликке кийлигишүүсүн азайтуу, жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү, лицензияларды бере турган бирдиктүү органды камсыздоо жана бизнеске тоскоолдуктарды алып салууга байланыштуу чаралар жазылган.

Айрым бизнесмендер президенттин аталган эки жарлыгындагы айрым жоболор дагы деле аткарылбай жатканын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG