Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

УКМК: Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому мамлекетке чегерилди


УКМК ишкердин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганын кабарлаган.
УКМК ишкердин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганын кабарлаган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камактагы ишкер Журат Абдуллаевдин кылмыш ишине байланыштуу маалымат берди. Анда мыйзамсыз курал сактоого шек саналган бизнесмен "айыбын мойнуна алганы, соттун чечими менен 100 миң сом айып пул салынып, 800 миллиондон ашык сому мамлекетке чегерилгени" айтылат.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында бюджетке 800 миллион сомдон ашык акча чегерилди. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу тууралуу келишим түзүлгөн. Тергөө амалдары аяктап, материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 12-сентябрда аталган соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылды, жаза катары 100 000 сом айып пул салынды",-деп жазылган маалыматта.

Журат Абдуллаев жана анын жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганы айтылган.

Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

УКМК кийинчерек ишкердин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганын кабарлаган.

Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери, ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.

XS
SM
MD
LG