Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

УКМК: Журат Абдуллаевдин үйүнөн маңзат, ири суммадагы акча табылды


Журат Абдуллаевдин үйүнөн табылган аскердик техника. УКМК тараткан сүрөт.
Журат Абдуллаевдин үйүнөн табылган аскердик техника. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ири суммадагы акча табылганын билдирди. Атайын кызматтын билдиришинче, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганы айтылат.

Буга байланыштуу ишкердин жакындары, адвокаты азырынча комментарий бере элек.

Журат Абдуллаев 20-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен атайын тергөө абагына эки айга камалды.

УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери, ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG