Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында ок атылды


Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты "Азаттыкка" президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ырастады. Анын айтымында, окуя 14-сентябрда эртең менен 8дер чамасында Булак-Башы аймагында болду.

"Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп кетти. Мен Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода менен ок атууну токтотуу тууралуу бир нече жолу сүйлөштүм. Учурда эки өлкөнүн чек ара башчылары окуя болгон жерге жөнөп кетти. Жаңжал эмнеден чыкты, ким баштады ошону иликтеп, ал жерди кантип кайтаруу керектигин жөнгө салып келишет. Булак-Башыда эч ким жашабайт, ал тоолуу жер. Жабыркагандар жок. Баткен облусундагы чек арадагы башка аймактар тынч",-деди Алимбаев.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Эки тараптын чек ара башчылары ок атышууну токтотуу, жаңжалга байланыштуу жолугууну макулдашты" деп жазылган маалыматта.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазды.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Тажикстан соңку чек ара чатагы тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

XS
SM
MD
LG