Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Кыргыз тарап чек арадагы ок атууда эки жаран жаракат алганын билдирди


Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу болгон аймактардын картасы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу болгон аймактардын картасы.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Баткендин Паскы-Арык айылындагы "Самаркандек" чек ара бекетиндеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан 31 жана 21 жаштагы эки кыргыз жараны жаракат алганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы жаран башынан жаракат алган, анын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.

"Самаркандек айылынын И.к.Б., атуу жаранынын ич көңдөйүнө ок кирип, бел бөлүгүнүн октон жаракат алды. Ичине кан толуп, үчүнчү даражадагы травматикалык шок алган. Абалы өтө оор, тез арада операция жасоого муктаж. Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматынын билдирүүсүндө "ок атышууда тажик тараптан кара кийимчен, бири-бирине окшош сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак жайларга жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай негизсиз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат" деп айтылат. Мындан тышкары тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонгонун, абал чыңалуу бойдон экенин кабарлады.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, "тажик чек арачылары миномет" колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги тараптан бүгүнкү окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, үч жаран жараат алганын билдирди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG