Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Адвокат Абакиров: Бөлтүрүктүн иш-аракетинде кылмыштын курамы жок


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу камалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк дооматтарды четке кагып, күнөөсүн мойнуна албаганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына азыркыга чейин Бөлтүрүк жана анын адвокаттары Эсеп палатасынын отчету менен тааныша электигин жазды.

"Тенгиз Бөлтүрүктүн иш-аракетинде кылмыш курамы жок. Биз чындыкты аныктоо үчүн тергөө менен кызматташууга даярбыз" деп билдирген адвокат президенттен бул ишти көзөмөлгө алууну өтүндү.

Адвокат маалыматында, Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган учурда ишкананын эсебинде 46 миң доллар гана болгону, ал компаниянын иши үзгүлтүккө учурашына жол берген эмес.

"Компания бюджеттеги, башка өнөктөштөрүнүн алдындагы бардык милдеттерин мөөнөтүндө аткарды. Мамлекеттик бюджетке былтыр 13,6 млрд сом төгүлдү. Бул мурунку жылдарга караганда 4,6 млрд сомго жана өлкөнүн жылдык ички дүң продукциясынын 16% түзөт. Быйылкы жарым жылда бюджетке 20,5 млрд. сом салык жана башка төлөмдөр катары төгүлдү. Бул былтыркыдан 13,1 млрд. сомго көп. Бөлтүрүктүн ишинин натыйжалуулугу да каралышы керек", -деп жазды адвокат.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG