Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Азербайжан – Армения чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен Азербайжан - Армения чек арасында ок атышуу токтогонун билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы жазды.

“Албетте, келишимсиз ок атышууну токтотуу мүмкүн эмес болчу. Азербайжан эми ок атышпоо режимин сактайт деп үмүт кылалы”, - деди Григорян.

Мунун алдында Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги расмий Баку Ереванга ок атышпоо сунушун киргизгени кабарланган. Бирок Армениянын Тышкы иштер министрлиги мындай сунуш тууралуу маалыматы жок экенин билдирген эле.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында абал 13-сентябрга караган түнү курчуган. Чек арадагы акыркы чыр-чатактан Армения 105 киши анын ичинде аскерлер менен жайкын тургундар набыт болгонун, Азербайжан 50 аскери каза тапканын жарыялады. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG