Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Ереванда демонстранттар Пашиняндын отставкасын талап кылышты


Ереванда өткөн митинг. 14-сентябрь, 2022-жыл.
Ереванда өткөн митинг. 14-сентябрь, 2022-жыл.

Ереванда шаршемби күнү кечинде бир нече миң адам шаардын борборундагы Баграмян проспектисин тосуп, Армения менен Азербайжандын чек арасындагы акыркы чыр-чатакка байланыштуу митингге чыкты. “Азаттыктын” армян кызматы демонстранттар парламенттин дарбазасын сындырууга аракет кылышканын жазды.

Нааразылык акцияга чыккандар премьер-министр Никол Пашиняндын парламенттеги билдирүүсүнөн кийин анын кызматтан кетишин талап кылышты. Пашинян парламентте өкмөт Азербайжан менен кайсы бир документке кол коюуга даяр экенин, бирок андан кийин аны чыккынчы катары баалашы мүмкүн экенин айткан.

Демонстранттар Никол Пашиняндын сөзүн Тоолуу Карабакка байланыштуу Азербайжанга карата дооматтардан баш тартуу катары мүнөздөгөн.

Нааразылык акциялардын фонунда Никол Пашинян жарандарга кайрылып, Азербайжан менен эч кандай документке кол койбой турганын билдирди. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы премьер-министрдин сөздөрү бурмаланган деп эсептейт.

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы абал 13-сентябрга караган түнү курчуган. Чек арадагы акыркы чыр-чатактан Армения 105 киши, анын ичинде аскерлер менен жайкын тургундар набыт болгонун, Азербайжан 50 аскери каза тапканын жарыялады. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG