Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Баткенде чек арадагы соңку жаңжалда эки үй жабыркады


Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылы тартылган сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылы тартылган сүрөт.

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен районунда он жарандык обьект жабыркаган. Анын ичинде экөө турак жай, калганы мал сарайлар. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкун Жоробаев бүгүн, 15-сентябрда ок атышуудан жабыркаган айылдарды кыдырган учурда белгилүү болду. Учурда жалпы чыгым такталып жатат.

Аким менен кошо Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук милициянын, аскер бөлүктүн жетекчилери барды. Алар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабырдуулукка чакырды.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тараптан атылган октон беш обьект жабыркаганын, анын төртөө аскер бөлүктөрү, бирөө - эл жашаган айыл экенин бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барган учурда билдирди. Ташиев тажик тараптан жарандык кийимчен адамдар ок чыгарганы байкалганын айтып, ушундан улам аймакта чыңалуу курч боюнча калып жатканын эскертти.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу.(ZKo, JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG