Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Бажы кызматынын мурдагы башчысы үй камагына чыкты


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 19-мартта кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Адилет Кубанычбеков тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды. Мындан тышкары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды да моюнуна алды. Бул анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүгө негиз берди.

"Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке баюу максатында бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысын негизсиз ашыра көтөргөн", - деп билдирди УКМК.

Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга айыпталып 17-январда кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кубанычбеков бул кызматка 2020-жылы октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюшкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG