Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды


Алмазбек Бейшеналиев сот залында. 30-сентябрь.
Алмазбек Бейшеналиев сот залында. 30-сентябрь.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Ал өзүнө коюлган айыпты четке кагууда.

Пара алууга шек саналган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Отурумдун алдында Бейшеналиев журналисттерге кыскача комментарий берип, күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты жана пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин белгиледи.

Сот имаратынын сыртында анын тарапкерлери колдоо акциясына чыгып, ал күнөөсүз экени жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шек саналып, 28-сентябрдын түнү кармалды. Аны кармоо операциясын Ички иштер министрлиги жүргүзгөн.

Мекеме министрдин кармалышы боюнча 30-сентябрда маалымат таратып, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканын билдирди.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге Ата Мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча Өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10.000 доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө "пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп бергени" кабарланды.

"Министрдин айтымында, калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт".

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери 29-сентябрда өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышкан. Текст түрүндөгү кайрылуу жана аны коштогон видео мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Кайрылуу президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына жолдонду.

Министрликтин кызматкерлери Бейшеналиевди реформачыл жетекчи катары мүнөздөп, билим берүү системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү жаатында ишенимдүү аракеттерди баштаганын белгилешүүдө.

"Алмазбек Бейшеналиевич ар бир кызматкерге жекече мамиле жасап, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө эмгек жамаатка колдоо көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Биздин министр эмгек жамаатта чоң кадыр-баркка ээ экендигин жана биз үчүн интеллигенттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн жана кесипкөйлүктүн эталону экендигин билдиребиз. Мындан улам биз Алмазбек Бейшеналиевичке карата жүргүзүлө турган иликтөөнүн объективдүүлүгүн камсыздап берүү өтүнүчү менен сиздерге кайрылабыз. Анткени өлкөбүз мекенине ак кызмат өтөгөн потенциалдуу кадрын колдон чыгарып жибере албайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы коомчулукта дароо талкууларды жаратты. Анын тарапкерлери Бейшеналиевдин мындай мыйзамсыз кадамга барышына ишене албай, министр алдын ала даярдалган чагымдын курмандыгы болду деп жоромолдошууда.

Алар социалдык тармактарга Бейшеналиевге тилектештик билдирген билдирүүлөрдү жазып жатышат.


Билим берүү жаатындагы адис Догдургүл Кендирбаева министрди жакындан билген адам катары чагымдын курмандыгы болду деген версияга ыктап турат.

"Бул жалпы билим берүү системасына өтө чоң көлөкө түшүрүп жатат. Эгер тастыкталса, өтө өкүнүчтүү иш болот. Бирок мен дагы эле ишенбей турам. Анткени, министрдин жасап жаткан реформасы көптөгөн уюмдарга таасирин тийгизип, "ажыдардын куйругун баскандай" болгон. Жасаса да, эң ишенимге кирген адамдар, жакын адамдар аркылуу кандайдыр бир жолдорду таап, алдамчылык жол менен жасашы мүмкүн. Анткени, Бейшеналиев прогрессивдүү, Батыштан жакшы билим алган, жогорку даражадагы кызматтарды ээлеген, элчи болгон адам катары жоопкерчиликти абдан жакшы билет".

Ошол эле кезде министрдин камалышы учурда чыңалган коомдук-саясий абалда көңүлдү башкага буруу аракети эмеспи деп да шектенип жатышат.

Алмазбек Бейшеналиев ким?

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев кесиби боюнча англис тили мугалими. Германиядан билим алып, Кыргызстан, Польша жана АКШдагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген. АКШдагы Жон Хопкинс университетинде чакыртылган профессор катары лекция окуган. Мамлекеттик кызматка 2017-жылы келип, Сапар Исаковдун өкмөтүнүн аппаратында билим берүү бөлүмүн жетектеген. Кийинчерээк билим берүү министринин орун басары болгон.

Андан соң Бишкекте жайгашкан Борбор Азия регионалдык институтунун директору болуп иштеген.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун алгачкы кабинетинде Билим берүү министрлигине бекитилип, алты айга жакын эмгектенген.

2021-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалып, сегиз айдай иштеген.

Быйыл февраль айында кайрадан Билим берүү министрлигинин жетекчилигине дайындалган.

Ал кызматка келгенде бул тармакта олуттуу реформаларды жүргүзүүнү убада кылган. Анын алкагында мектепте 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү, өлкөдөгү мектептердин директорлорун сынак менен дайындоо, университеттерди ирилештирүү сыяктуу иштер жарыяланган. Алардын ичинен беш жылдан ашуун директор болгон мектеп жетекчилерине сынак талкууга түшүп, ар кыл реакцияларды жараткан эле.


Коомчулуктун бир бөлүгү жана айрым адистер Бейшеналиевди билим берүүнүн заманбап чакырыктарын түшүнгөн, прогрессивдүү министр катары сыпаттап келишкен.

Дал ушундай өлкө жана өкмөт жетекчилигинин ишеничтүү кадры катары санаган министр Бейшеналиев пара алууга шек саналып кармалды.

Ички иштер министрлиги аны атайын операциянын алкагында кармаганын шардана кылып, Бейшеналиевге түспөлдөш адамдын катышуусу менен видео тасма да жарыялады.

Муну менен милиция министрдин мыйзамсыз ишке катышын айныксыз далилдөө аракети катары сыпаттоодо.

Билим берүү системасына соккубу?

Бирок саясий чөйрө жана коомчулукта министрдин айланасындагы акыркы окуяны жалпы билим берүү системасына жасалган сокку катары атагандар да бар.

"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев министр пара менен кармалды делген видео музыка менен шөкөттөлүп, коомчулукка таратылганын сынга алды жана буга байланыштуу өкмөткө кайрылды.

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"Кыргыз коомчулугунда чоң, резонанстуу иш болду. Мен Министрлер кабинетине кайрылайын деп жатам. Эгер кайсы бир министр пара талап кылып, акча алган болсо ал жазасын алышы керек. Бирок видеого тартып, музыка коштоп, бизнесмендерди, министрлерди кармаганды качан токтотобуз? Билим берүү министри пара менен кармалган күндө дагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен министрдин колун кайрып кармап кеткенин көргөн миңдеген мугалимдин маанайы түштү. Пара алган, акча алган күндө дагы, аны чакырып туруп, аны видеого тартып, музыка коштоп шоу кылып чыгарбай эле "ката кетирдиң, жумушуңдан кет" десе болот эле да. Ошол мугалимдер шалдайып отуруп калды, алар азыр кантип барып балдарга акыл үйрөтөт?", - деди депутат.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Эмил Токтошев дагы министр кармалган окуя дыкат иликтениши керектигин айтып, төрагага кайрылды. Спикер Талант Мамытов прокуратурага протоколдук тапшырма берилерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар экенин анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгилеген.

Катар-катары менен кармалган министрлер

Алмазбек Бейшеналиев учурда иштеп жаткан Министрлер кабинетинин иш козголгон үчүнчү мүчөсү болуп калды. Быйыл июнда мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1,5 миллиарддан ашык сомго вакцина сатылып алынганынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

Мунун натыйжасында Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тиреши жаралып, президент Садыр Жапаров бул жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Кийинчерээк мамлекет башчы маектеринин биринде "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан.


Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров 16-августта вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялаган. Мындан кийин Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеткен.

Быйыл сентябрда энергетика мнистри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш иши козголгон. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев кызматтан убактылуу чектелип, иликтөө уланып жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG