Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

"Уу коргошундун пайдасы ырасталган жок". Азыркы министрдин маалыматы


Жаркынбек Касымбеков жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жаркынбек Касымбеков жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Cаламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков 16-августта Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алган чуулгандуу чечимдердин айрымдары четке кагыларын жарыялады.

Касымбеков саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугу комиссиялык тартипте текшерилип жатканын маалымдады. Мурдагы министрдин медициналык окуу жайлар боюнча чыгарган чечимин жокко чыгарганын жарыялады.

Жаркынбек Касымбеков
Жаркынбек Касымбеков

«Ал медициналык окуу жайларды жапканын катуу жар салган. Бирок, ал жаба алмак эмес. Ал болгону чакыртууга мүмкүн болбогонду чакыртып алган. №6 форма - лицензиянын ажырагыс бөлүгү. Ал ошону чакыртып алып, муну лицензияны кайтарып алуу деп атаган. Бирок, окуу жайлар биринин артынан бири сотко берип, утуп ала баштаган. Биздин алдыбызда алардын колдон чыгарган финансылык мүмкүнчүлүктөрү үчүн доого жыгылуу кооптуулугу туруп калды. Мен шашылыш түрдө комиссия түзүп, бул маселени абдан ыкчам изилдеп чыктык. Биз Алымкадыр Бейшеналиевдин медколледжедерди жабуу жана жеке менчик медициналык жогорку окуу жайлардын №6 формасын чакыртып алуу боюнча чыгарган чечимдери мыйзамсыз болгон деген бирдиктүү тыянакка келдик. Ошондуктан, ушул эки буйрукту жокко чыгарууга туура келди».

Касымбеков Кыргызстандагы медициналык окуу жайларды жапкандын ордуна медициналык билимди экспорттоо боюнча хаб түзүү зарыл деген пикирин билдирди.

Февраль айында Алымкадыр Бейшеналиев 17 жеке медициналык окуу жайдын лицензиясын кайтарып алуу ниетин билдирип, кийин бул тизме тогузга чейин кыскарган. Бейшеналиев министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жеке менчик окуу жайлардын ыңгайына ылайыктап иштеп жатат деп эсептейт.

Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

«Ал түшүнүгү жок экен да. Мен дагы «Бейшеналиев популисттик чечим кылган» деп айтканын окудум. Андай жок. Анткени, президенттин дагы, Коопсуздук кеңешинин, биздин дагы комиссия иштеп, кайсы окуу жайлардын туура келиши, кайсылардын туура келбеши боюнча тизме чыгарган. Саламаттык сактоо министрлиги №6 деген маалымкат берет. Аны биз жокко чыгарсак, Билим берүү министрлиги автоматтык түрдө лицензиясын чакыртып алат. Биз ошол комиссиянын иши боюнча жарыялап, ошого баратканбыз. Бирок, өкүнүчтүүсү, алардын баары карама-каршы болуп мени токтотуп койду да. Бул милдетин аткаруучу, биринчиден, көп маселени түшүнбөйт. Экинчиден, ал жеке клиникаларда иштеген ректорлордун ыңгайына кирип кетүүдө. Бирок, кудай буюруп, биз келип калсак, бул ишти аягына чыгарабыз».

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Бир жарым жыл ичинде ал тармакты кардиналдуу реформалоо ниетин жарыялап, бир катар чуулгандуу чечимдерди чыгарды.

2021-жылдын апрелинде уу коргошунду коронавирусту дарылоодо колдонууну сунуштап, журналисттердин алдында өзү даярдап ичип да көрсөткөн. Ошол маалымат жыйында ал мындай сунушту президент Садыр Жапаров колдой турганын айткан.

Жаркынбек Касымбеков бул чөптү колдонууну сунуштоо туура эмес болгон деп эсептейт.

"Ушул уу коргошунду элдик медицинада мурдатан эле колдонуп келгенин угуп эле жүрчүбүз. Бирок, аны мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, анын клиникалык далилсиз, илимдин далилисиз мындай эле айтып койгону министр катары дагы, медицина илимдеринин доктору, профессор катары дагы мен туура эмес эле көрөм. Ал туура эмес, ал уу, опурталдуу зат. Аны туура эмес колдонуп койсо өлүмгө алып келет. Ошон үчүн мен так кесе айтам – мен буга скептикалык көз караштамын. Уу коргошунду жабык жерлерде колдонуп келе жатыптыр. Бул ошол жайлардын дары-дармек менен медициналык камсыздоосунун начар экендигин көрсөтүп жатат. Анын клиникалык натыйжасын илим менен тастыктап, клиникалык далил менен көрсөтө алсак, анда болмок. Дээрлик бир жарым жылга жакын министр болуп отурду, ушуну айткандан кийин өтөсүнө чыгып, далидеп чыгарып койсо болмок. Бирок, ал хайп бойдон эле калып калды".

Бейшеналиевдин реформасына ылайык, 2021-жылдын январь айында үй-бүлөлүк медицина борборлорун аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, стоматологиялык поликлиникалар жана башка мекемелер менен бириктирүү иштери башталган. Жаркынбек Касымбеков бул демилгени колдоорун айтып, жер-жерлердеги айрым көйгөйлөрдү эске албаганда, оптимизация иштери өзүн актап жатканын белгиледи.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев анын баштаган реформаларын токтотуу мүмкүн эместигин айтып, жакынкы мезгилдерде кызмат ордуна кайтып келип баштаган иштерин улантарын билдирди.

«Мен да ал "Накен Касиев, Мамбетов, Динара Зарлыковна, дагы башкаларды чогултуп, ошолордон кеп-кеңеш алып атыптыр" деп угуп атам. Бирок, ал болбойт, анткени жараян жүрүп жатат. 2021-жылдын 10-январында башталган реформаны эч ким жокко чыгара албайт. Жокко чыгарыш үчүн абдан чоң каражат жана ресурстар керек. ИИМде азыр эң кыйын юристтер иштеп, мага тагылган айыптардын баары жокко чыгып атат. Бүт баары жакшы иштеп атат. Кудай буюрса, эки-үч күндүн ичинде иштерим каралып атат. Баары жакшы болсо, биз реформаны кайра улантабыз».

Жаркынбек Касымбеков басма сөз жыйын кургандан кийин Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулганы белгилүү болду. Адвокат Кайсын Абакиров «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын ырастады. Анын айтымында, башка иштер боюнча тергөө уланууда. Азырынча Башкы прокуратурадан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

ИИМдин басма сөз кызматы Бейшеналиевдин бардык иштери милицияда тергелип, анын жыйынтыгын Башкы прокуратурага жөнөтөрүн билдирди.

Жактоочусу буга чейин кылмыш иште материалдык чыгым жок экенин белгилеп, 2021-жылы алынган “Синофарм” вакцинасынын каржылоосун Дүйнөлүк банк төлөп бергени белгилүү болгонун айткан.

Бейшеналиев министрлик кызматка келгени, өзүнүн айтымында, жүзгө чукул медициналык мекемелердин жетекчилерин кызматтан алган. Кийин, май айында чет элдик сапарда жүргөндө маалымат жыйын куруп, каршы чыккан борбордук аппараттын да бир нече бөлүм башчыларын бошоткон.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун тез жардам клиникасына айлантуу чечими чоң чуу менен коштолуп, оорукананын директору Сабырбек Жумабековдун катуу каршылыгына тушукту. Андан кийин Алмазбек Исманкуловдун көз хирургиясы борбору ээлеген имаратты бошотуу да коомдук талкуунун башкы темасына айланды.

Ага чейин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаевди, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевди, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилековду жана башкаларды жумуштан бошоткон.

Министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Бейшеналиев бошоткон кызматкерлердин бир бөлүгү соттун чечими жана прокуратуранын эскертүүлөрү менен кызмат орундарына кайра кайтып келип жатышканын билдирди.

Дарыгер Эрмек Исмаилов Бейшеналиевдин баштаган реформалык иштери түпкүлүгүндө туура болгону менен анын кескин аракеттеринен улам коомдун бир бөлүгүнүн каршылыгына кабылганын айтат.

Эрмек Исмаилов
Эрмек Исмаилов

«Жалпысынан алганда мурунку министрибиз Алымкадыр Бейшеналиев кандай болсо да реформалардын алдына түшкөн болчу. Мисалы, көптөн бери иштеп жаткан башкаруучуларды алмаштырып баштаган. Бир жагынан бул туура деп эсептейм. Себеби, 20-30 жылдан бери директор, бөлүм башчы же башка жумуштарды аткарып аткан болсо, алар өзгөртүү киргизе алган же чоң реформа кылган жок. Жалпысынан алганда медицинанын коррупцияга малынып кеткен жерлерин алдыга жылдырып, мындай реформа кылганы туура эле болду. Бирок, менимче, бир эле минусу кардиналдуу баштады. Көпчүлүк «ошону акырындап баштаса болмок» деп айтып жатат. Эгер мүмкүнчүлүк берилсе, менимче, дагы бир топ иштерди кылмак».

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси баш болгон жети кылмыш ишин козгогондугун кабарлаган. Бейшеналиев бул окуяны Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен болгон тирешине байланыштырган. Кийинчерээк президенттин буйругу менен экөө тең кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

16-июнь күнү Зулушев кызматына кайткан, Бейшеналиев үй камагына чыккан, козголгон кылмыш ишине байланыштуу ал министрлик ордуна кайткан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG