Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Касымбеков уу коргошундун пайдасы клиникалык жактан ырасталбаганын айтты


Уу коргошун тундурмасы. Алымкадыр Бейшеналиевдин маалымат жыйынында тартылган. 2021-жыл.
Уу коргошун тундурмасы. Алымкадыр Бейшеналиевдин маалымат жыйынында тартылган. 2021-жыл.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков убактылуу кызматтан четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоодо уу коргошунду (аконит) сунуштоо туура эмес болгонун билдирди. Касымбеков аконит дары катары эч кандай клиналык жактан тастыкталбаганын белгиледи.

“Салттуу медицинада колдонулганын угуп жүргөнбүз. Бирок, клиникалык, илимий далилсиз мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыкканы министр, дарыгер катары туура эмес көрөм. Ал уу, опурталдуу зат. Аны туура эмес колдонуу өлүмгө алып келет”, - деди Касымбеков.

16-августта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков убактылуу кызматтан четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин чечимдери жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү.

2021-жылы апрель айында Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айтып чыккан. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Ал тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG