Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Лицензиясыз акча алмаштыруу ишмердигин жүргүзгөн жаранга айып салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лицензиясы жок туруп, чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга 17 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлап, бирок ал жаран кайсы валютаны алмаштырганын тактаган жок.

Буга чейин лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын текшерүү жүрүп жатканы маалымдалган. Улуттук банк жыл башынан бери коммерциялык банктарга 116 жолу текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 100гө жакын эскертүү-сунуштамаларды берген. Ал сунуштарда кардарды тийиштүү деңгээлде тейлөө, банктык милдеттерди аткаруу, АКШ долллары менен камсыз кылуу талаптары айтылган.

Акча алмаштыруу жайлары боюнча 89 текшерүү жүргүзүлүп, алардын 29унун лицензиясы алынган. 14 адамга жалпы 1 млн. 180 миң сомдук айып салынган.

Кыргызстанда ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес негизинен АКШ долларына байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтканын айтып жатышат. Каржы базарындагы олку-солку кырдаалда коммерциялык банктар мурункуга караганда көп киреше тапты. Валюта рыногунда көмүскө базар пайда болду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG