Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 21:39

Улуттук банк 29 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын токтоткон


Акча алмаштыруу жайлары. 22-апрель, Бишкек.

Улуттук банк коммерциялык банктарды жана акча алмаштыруу жайларын текшерүү жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, көзөмөл банк жыл башынан бери коммерциялык банктарга 116 жолу текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 100 жакын эскертүү-сунуштамаларды берген. Ал сунуштарда кардарды тийиштүү деңгээлде тейлөө, банктык милдеттерди аткаруу, АКШ долллары менен камсыз кылуу талаптары айтылган.

Акча алмаштыруу жайлары боюнча 89 текшерүү жүргүзүлүп, алардын 29унун лицензиясы алынган. 14 адамга жалпы 1 млн. 180 миң сомдук айып салынган.

Улуттук банк валюта рыногуна мониторинг кылып, атайын дүрбөлөң жаратуучу аракеттерге жол бербөө үчүн тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда көпчүлүк ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес долларга байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтканын айтып жатышат. Каржы базарындагы олку-солку кырдаалда коммерциялык банктар мурункуга караганда көп киреше тапты. Валюта рыногунда көмүскө базар пайда болду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG