Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Путин Эрдоганга экономикалык байланышты жандантууну сунуштады


Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Сочи, Орусия. 5-август, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Сочи, Орусия. 5-август, 2022-жыл.

5-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Сочиде жолукту. Кездешүүнүн башындагы сөзүндө Путин Эрдоганга соода-экономикалык байланыштарды жандантуу боюнча макулдашууга кол коюуга үмүттөнөрүн айтты.

Азыр тирешип жаткан Орусия менен Украинанын эки тарабы менен тең жакшы мамилени кармагысы келген түрк лидери Орусия-Түркиянын кызматташууларында жаңы баракча ачылып жатканын кеп кылды.

Сочидеги жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу, Түркиянын Сирияга операция жасоо ыктымалдыгы жана башка темалар сөз болушу мүмкүн экенин түрк медиалары жазды.

Аталган эки лидердин бир айдын ичиндеги экинчи кездешүүсү. 20-июлда алар Тегеранда бир нече темада сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Орусия менен Сириянын авторитардык президенти Башар Асад баштаган борбордук бийликти колдосо, Түркия өлкө түндүгүндөгү куралдуу оппозицияны сүрөп келет. Анкара мындан сырткары Сириядагы күрд күчтөрүн террордук топ деп эсептейт. 2019-жылы түрк аскерлеринин Сириядагы аракеттери АКШ менен Орусиянын ортомчулугу токтотулган, Анкара анда кайрадан операция жасоо ниетин билдирип келет.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенине карабай Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес, ошол эле маалда Украинага курал жеткирип жатат. Анкара Москва менен Киевдин ортосунда арачы катары түшүп, украин дан азыктарын деңиз аркылуу чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG