Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун талкуулоо үчүн Кытайдан 80 адис келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Кытайдын долбоорлоо мекемесинин 80 адиси келгенин 5-августта Tazabek басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев 4-августта Кытайдын China Railway First Survey and Design Institute (Кытайдын темир жол куруу корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту) ишканасынын делегациясы менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады. Жолугушууда биргелешкен жумуштарды ылдамдатуу зарылчылыгы айтылды.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюларын 3-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирген.

21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында да бул жолдун мааниси тууралуу сөз козголгон. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу аймактын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын жогорулатары айтылган.

Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган, бирок али бир дагы тарап мындай ири көлөмдөгү каражатты сарптоого даяр экендигин билдире элек.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун май айынын башында "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси Азамат Сакиев билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG