Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Ысык-Көлдө жуттан жүздөгөн кайберен кырылды


Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругу.

Борбордук Тянь-Шандагы Ак-Шыйрак, Сары-Жаз, Эңилчек кырка тоолорунда жана Сырт өрөөнүндө жапайы жаныбарлар, анын ичинде кайберендер быйыл июнь айынын башындагы табият кырсыгынан кырылган учурлары белгилүү болду.

Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги "Азаттыктын" суроолоруна кат түрүндө жооп берип, Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунан жана анын жака белиндеги тилкелерден 786 кайберендин өлгөнү аныкталганын ырастады.

Ага чейин корукчулар, жергиликтүү жана эл аралык экологдор быйыл жайдын башында жааган калың карда жуттан кырылган кайберендердин өлүмтүктөрүн күрткүлөр ээриген тоо кыркаларынан таап, видеого тартып, социалдык тармактарга жайгаштырышты.

Көз карандысыз экологдор быйыл кайберендер туут маалында көп кырылган кырдаалды эске алып, өкмөткө эл аралык мергенчиликке убактылуу тыюу салууну сунушташты.

Кайберен сөөгүнө толгон жылгалар

Кыргызстандын Борбордук Тянь-Шань кырка тоолору жайгашкан Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунда жана анын жака-белиндеги Ак-Шыйрак, Сары-Жаз, Эңилчек аймагында жана Сырт өрөөнүндө быйыл май айынын аягы июндун башында, жайдын күнү бир метрге чейин калың кар түшкөн табигат кырсыгынан жайыттагы мал-жан эле эмес, жапайы жаныбарлар, анын ичинде кайберендер катуу жабыркаганы белгилүү болду.

Тоо эчкилер менен аркар-кулжалар калың кардын камоосунда азыгы жок калып, ачкадан жана тоңуп өлгөнү тартылган видео тасмалар WhatsApp мессенжери аркылуу таратылууда.

"Бул коктунун ичинде эле тогуз аркар мына ушул түзөңдө өлүп, алардын сөөктөрү бири-биринен аралыгы 30-40-50 метр алыстыкта калып кетиптир. Аралыгы жакын болгон үчүн булар бир үйүрдөгү аркар-кулжалар окшойт. Мына бул жердеги он бешинчи аркар, аркы таштын түбүндө дагы бир аркардын өлүмтүгү жатат. Бардыгы чукул аралыкта эле өлө берген экен. Демек, алардын бардыгы бир үйүрдөн болсо керек. Бул жерде болсо 20-25 метрдей аралыкта эки аркардын өлүмтүгү жатат. Мына, каркайган эле чоң аркарлар кырылып калыптыр. Ошондо мына ушул коктудагы эле №10-тилкенин үстүнөн кыдырып келгенимде, 21 аркар-кулжанын сөөгүн көрдүм... ", - деп видео тасмада белгисиз корукчу кайберендер кыйраган жагдайга комментарий берген.

Бирок ошол эле кезде Ысык-Көл облусунун аймагындагы Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна караган Ак-Шыйрак аймагында, андан тышкары Сары-Жаз, Эңилчек жана Сырт өрөөндөрүнүн бийик тоо кыркаларындагы кар күрткүлөрү ээрип, чыйыр жолдор ачылганда табият кырсыгынан улам кокту-колоттордо камалып, карга көзү карыгып, азык таппай ачкалыктан өлгөн жоон топ кайберендердин суналып жаткан тарптары ар кайсы кырлар менен түзөңдөрдөн табыла баштады. Бирок буга чейин ал тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо мекемелеринен, Ысык-Көл биосфералык аймагынан же жеке менчик аңчылык чарбаларынан расмий маалымат бериле элек болчу.

"Коруктун бир эле коктусундагы апаат..."

Жергиликтүү эколог Кубанычбек Жумабаев Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругундагы бир эле коктунун ичинен табылып, тартылган кайберендердин тарптары быйыл жайдын башындагы апааттын масштабын көргөзөрүн айтууда.

Кубаныч Жумабаев, эколог. Сүрөт Фейсбук баракчасынан алынды.
Кубаныч Жумабаев, эколог. Сүрөт Фейсбук баракчасынан алынды.

"Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунда, Ак-Шыйракта андан башка Сары-Жаз менен Эңилчек аймагына абдан оор кар түшүп, ашуулар жабылып, бир жумадан ашуун алай-дүлөй болбодубу. Ошол кезде ал жактардагы жайылган мал-жан эле эмес, кайберендер дагы кыргынга учураганы эми билинип отурат. Кар ээрип, жолдор ачылганда ал жактарга байкоо жүргүзгөнү барган корукчулар жана чет элдик изилдөөчүлөр ат менен бастырып барганда бир эле коктудан 29 аркар-кулжанын өлүгүн табышкан. Алар мурун санак жүргүзүп, көрүп жүргөн жерлерде кайберендердин саны кескин азайып кеткенин байкашыптыр. Мурда аталган бир эле кыркадан жүздөй аркар-кулжаны көрүшсө, азыр мына ошонун жарымына дагы жетпей калыптыр. Бирок ушул кезге чейин тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан расмий санак жүрүп, канча кайберен чыгымга учураганын уга элекпиз. Чет элдик изилдөөчүлөрдүн тыянагына таянсак, кайберендер аябай эле көп кырылган".

Анткени быйыл туут маалында тоо эчки-текелердин, аркар-кулжалардын жана эликтердин көбөйүү көрсөткүчү кескин төмөндөп, жаңыдан тууп, бели ката элек кайберендер жана телчиге элек жаш чаарчыктар калың жааган карда өлүп, экосистемада биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышына алып келди деген божомолдор бар.

Аңчылыкка тыюу салуунун учуру

Маралды жайылтуу долбоорун жетектеген Гамал Сооронкулов ошондуктан быйыл мергенчиликке убактылуу тыюу салууну сунуштады.

Гамал Сооронкулов, эколог. 2019-жыл, Аксы району.
Гамал Сооронкулов, эколог. 2019-жыл, Аксы району.

"Тилекке каршы, быйыл расмий санактардын жыйынтыгы кандай болгон күндө дагы кайберендердин чыгымы аябай жогору болгону көзгө көрүнүп калды. Анан калса, быйыл эми гана туут маалынан кийин тоолорго оор кар түшүп, кийиктердин жаш улактары, аркар-кулжанын чаарчыктары эми гана телчип бараткан учурда апаат болуп жатпайбы. Энелери туут маалында алсырап, өз алдынча тоют издегенге дармансыз абалда болгону айтпаса дагы түшүнүктүү. Мына ушул жагдайды эске алып, кайберендер биротоло тукум курут болуп кетпесин десек, анда элик, аркар-кулжа, тоо теке менен эчкиге мергенчиликке убактылуу тыюу салышыбыз зарыл. Азыр биротоло мораторий киргизүү тууралуу айтуудан качып калдык. Мамлекеттик органдар айтсаң эле чалкасынан кетишет. Ошондуктан биз азыр тыныгуу жарыялап, аларды атууну убактылуу токтотуп туралы деген демилге көтөрүп жатабыз. Экология министрлиги азыр эми мыйзамдын кабыл алынышын күтүп отурбай эле өзүнүн ички буйругу менен эле мергенчиликти убактылуу токтотуп, чектөө киргизип турса болот".

Санакка негизделген лицензиялар

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылы жарыяланган маалыматы боюнча Кыргызстандагы аркар-кулжа, тоо эчки-теке, элик, бугу-марал жана кара кийик сыяктуу ача туяктуу жалпы жапайы жаныбарлардын болжолдуу саны 59 миңден ашуун деп көрсөтүлгөн. Улуттук илимдер академиясы мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо органдары менен бирге ар беш жыл сайын ача туяктуу жапайы жаныбарларга жалпы санак жүргүзөт.

Кайберендердин соңку жалпы санагы 2015-жылы жүргүзүлгөнү белгилүү болду. 2020-жылы бул өнөктүк ковид пандемиясына байланыштуу өтпөй калганы айтылды. Ал эми мыйзам боюнча мергенчилик чарбалары жыл сайын алардын санына байкоо жүргүзүп, каттоого алып, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берип турууга тийиш.

Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги санактын жыйынтыгы боюнча жыл сайын аларды атууга берилчү уруксатты чектеп, мергенчилик үчүн лицензия берет.

Министрлик 2021-жылы 105 баш аркар-кулжага жана 519 баш эчки-текеге мергенчиликке уруксат берилгенин билдирди.

Ал эми быйылыкы аңчылык сезондо кандай болору кызык дейт эколог Кубанычбек Жумабаев. Анткени быйыл кайсыл эсептин негизинде лицензиялар берилет деген суроо турат.

"Бизде аңчылык сезону 15-августтан башталып, декабрь айынын ортосуна чейин барат. Анан мергенчиликке берилчү уруксат жыл сайын өткөн жылдагы кайберендердин башын эсептеген тыянакка негизделип, берилип келген. Бирок эми быйыл май-июнь айларында табият кырсыгынан улам кайберендер кырылып калса, анда быйыл кайсыл эсептин негизинде лицензиялар берилет деген суроо турат. Быйыл кырдаал мына ушундай болсо, анан ушуга чейин кайберендердин башын эсептеп, иликтеген санак жүрдүбү? Мен буга чейин расмий санак жүргөнүн уга элекмин. Эгерде жүргөн болсо, кимдер кайсы аймактарда кантип жүргүздү жана анын жыйынтыгы кандай болду?".

"Мергенчиликке тыюу салуу жыйынтык бербейт"

Жеке менчик мергенчилик чарбалардын берген маалыматтарына негизделген Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылы Кыргызстанда:

  • 36 894 тоо эчки
  • 16 986 аркар-кулжа
  • 3958 элик
  • 2050 кара кийик
  • 101 бугу-марал бар экени катталган.
  • Усулдук эреже боюнча баш санактын жыйынтыгы алардын табийгый өлүм-житимин эске алуу менен эсептелип, ача туяктуу жапайы жаныбарлардын санынын белгиленген көрсөткүчүнүн 0,5 пайызын атууга жыл сайын мергенчиликке уруксат берилет.

Улуттук илимдер академиясынын алдындагы зоология жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча институтунун бөлүм башчысы Аскар Давлетбаков мергенчиликке мораторий киргизүүгө каршы.

Аскар Давлетбаков, Улуттук илимдер академиясынын биологиялык ар түрдүүлүк боюнча институтунун бөлүм башчысы.
Аскар Давлетбаков, Улуттук илимдер академиясынын биологиялык ар түрдүүлүк боюнча институтунун бөлүм башчысы.

"Бир учурда мораторий киргизүү аракеттери болгон. Бирок мына ошондой тыюу салуу демилгеси жакшы жыйынтыктарды берген жок. Анткени биротоло тыюу салынса, анда аларды коргоо алсызданат. Мамлекет өз алдынча коргоп, сактоого чамасы чак келбейт. Анын буга каражаты дагы, мүмкүнчүлүгү да жетишпейт. Мына ошондуктан бул тармакты мамлекет жеке мергенчилик чарбаларга берип, аларга сезондо жапайы жаныбарларды чектелген санда атууга уруксат берип, алар бул кирешени жарым-жартылай пайдаланып, калганын кайтарып, сактоону караган бүткүл дүйнөлүк тажрыйба бар. Бизде азыр мына ошондой. Жеке ишкерлер өздөрү кайтарып, өздөрү карап, мамлекет бөлүп берген лимит менен жаныбарларды атууга берип, ал акчанын кайсы бир бөлүгүн мамлекетке төлөп, кайсы бирин өзүнө киреше катары жана чарбаны өнүктүрүүгө алат".

"Бир түндө пикирин өзгөрткөн депутаттар"

Анткен менен көз карандысыз экологдор жапайы жаныбарларды атуудан түшкөн кирешеге жашаган мергенчилик жана аңчылык чарабаларында жеке коммерциялык кызыкчылык жогору болорун эске салып келишет.

2019-жылы парламентте ача туяктуу жапайы жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бирок добушка сала келгенде аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын колдоосуна ээ болбой, өтпөй калганы белгилүү.

Жарандык активист Гамал Сооронкулов бул иште мергенчилик чарбаларынын кызыкчылыгын көздөгөн лобби күчтүү болгонун эске салды:

"Бизде 51 аңчылык чарбасы бар деп жүрчү элек. Азыр алардын саны канчага жетип калганын билбейм. Алардын көбү чоңдорго караштуу же аткаминер, депутаттар менен ири байланышы бар адамдарга таандык экени мына ошол мыйзам каралып жатканда байкалып калган. Ошондуктан алар мындай мыйзамды оңой менен өткөрбөйт. Мисалы, 2019-жылы кайберендерди атууга тыюу салган мыйзам долбоору эртеси карала турган болгондо, сурамжылоо жүргүзгөн топ аны "120 депутаттын 64ү колдоп бере турган болду" деп сүйүнчүлөп келген. Бирок эртеси мага "иш чатак, көбү артына кайтып, болгону 24 депутат эле колдоду" деп чалышкан. Демек, мына ошондо түнү менен сүйлөшүп жатышып, 40 депутат пикирин өзгөртүп, мыйзамга кайра каршы добуш берип салышты. Сатып алдыбы, коркутуп-үркүтүп алдыбы, эми ал жагын өздөрү билет. Бир күн мурун мыйзамды колдоорун айтып, эртеси тескери добуш берип салышкан. Бул эми эркекчиликке дагы, адамгерчиликке дагы жатпайт. Мына ошондой жол менен мыйзамды бөгөп, өткөрбөй коюшкан".

Ошол эле учурда биологиялык ар түрдүүлүктү жеке мергенчилик чарабалар аркылуу коргоонун усулдарын колдогон окмуштуулардын оюна каршы чыккан экологдор менен жарандык активисттер дагы арбын.

"Коммерциялык кызыкчылык кайберендерди өстүрбөйт"

Коммерциялык кызыкчылыкты алып жүргөн аңчылык чарабалары эл аралык мергенчиликке лицензияларды сатуудан пайда тапканы менен кайберендердин көбөйүшүнө конкреттүү кам көргөн учурлар өтө сейрек кездешерин мисал келтиргендер болду.

Эколог Кубанычбек Жумабаев муну быйыл май-июнь айларында түшкөн калың карда кайберендер азыгы жок калып, кырылган жагдай көргөзгөнүн айтты.

"Мына ошондой кырдаалда, ак жайдын күнү кар калың түшүп, жут болгондо кайберендерге берилчү жем-чөптүн запасы болушу керек. Бирок жанагындай бир метрге чукул кар жаап, абал курчуган маалда корукчулар менен аңчылык чарбалары деле бийик тоолорго жете албай калышат экен. Бирок мунун алдын алып, кайберендер түшүп келе турган атайын өндүрлөргө күн мурунтан эле пландалган жем-чөптүн жетиштүү кору топтолуп, жыйылып турушу керек болчу. Ал жем-чөп табиятта оор кырдаал жаралганда тик учак менен болсо дагы чачылып, аларды сактап калуу чаралары көрүлүшү керек эле. Мен кар ээригенден кийин мына ошол жактарга барганда жыйылып турган чөп-чарды деле көргөн жокмун. Алар мына ошол иш-планында бекитилген мына ошол тоют менен камсыздоо милдетин канчалык аткарганы деле белгисиз. Муну эми өкмөт өзү көзөмөлдөп турушу керек болчу. Тоют таппай кайберендер кырылып жаткан маалда бир эле уюм Кумтөрдүн айланасында жем-чөп чачып жүргөнүн көрдүм".

Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин "Азаттыктын" суроолоруна кат жүзүндө кайтарган 4-августагы жообунда быйыл май-июнь айларында Ысык-Көл облусундагы калың жааган карда азык таппай, ачкадан кырылган кайберендердин жалпы саны 786 башты түзгөнү көрсөтүлгөн.

Министрдин орун басарынын колу менен жөнөтүлгөн каттын тиркемесинде "Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун аймагында жана андан башка беш тилкеде 246 аркар-кулжа жана 540 тоо эчки өлгөнү" көрсөтүлгөн. Ошондой эле аталган расмий катта аңчылык чарабалары быйыл май-июнь айларында жааган калың карда кайберендерди тоют менен камсыздай албай калган жагдайдын себебин катаал аба-ырайы менен байланыштырып, бийик тоолорго жем-чөп жеткирүү мүмкүн болбогону айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев эл өкүлдөрүнүн тобу кайберендерди атууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи ирет иштеп чыгып, сунуштап жатканын белгиледи.

Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Биз быйыл экинчи ирет жапайы жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгып, май айында өкмөткө жана Экология министрлигине ага карата корутунду берүү үчүн жөнөткөнбүз. Экология министрлиги бул мыйзам долбоорун колдоп, оң корутунду чыгарып берди. Азыр биз бул мыйзам долбооруна Министрлер кабинетинин төрагасынын кол коюшун күтүп жатышат. Аталган документ бизге кайра келери менен быйыл күзүндө ал мыйзам долбоорун палатада карап, бекитебиз. Мыйзам кабыл алынса, эмдиги жылы 1-январдан күчүнө кирет. Бул жерде чоң акча тургандыктан лицензияларды алган фирмалар дагы аны парламенттен өткөрбөгөнгө кызыкдар. Ошондуктан ар кандай жолдор менен дагы деле бут тосуп келе жатышат".

Жапайы жаныбарлардын беш түрүн атууга чектөө киргизген мыйзам долбоору 2019-жылы парламенттен өтпөй калганда, айрым депутаттар аны эми 2023-жылга чейин карабай турууну сунуштаган. Кыргызстанда аңчылык тармагында 52 уюм бар. Анын ичинен 42си жеке менчик мергенчилик чарбалар. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берип, киреше табууга адистешкен.

Алар мамлекеттен лицензияларды сатып алып, кайра кымбат баада чет элдик мергендерге сатуу менен алектенишет. Аңчылык чарбаларына кайберендерди сактап, кайтаруу жана кышкысын кошумча тоют менен камсыздоо милдети да жүктөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG