Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Ошто 105 таксист милицияга суракка чакырылды


Ош. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

"Ош" аэропорту аркылуу каттаган жүргүнчүлөрдү ташып иштеген такси айдоочуларына коюлган дооматтарга байланыштуу 105 таксист милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу 5-августта “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 25 такси кызматкери тергөөгө барып сурак берди. Калгандары да кезек менен көрсөтмө берүүдө.

Териштирүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жайда жайгашкан видеө көзөмөл камерасынан тасма алынып, Өзбекстандын жараны 21-июлда саат 22:45 чамасында "Ош" эл аралык аэропортунда өзүнүн шериктери менен болгондугу аныкталганы, ага жол акысы 500 сомдон болот деп айткан таксист аныкталып, сурак бергени маалымдалды.

Буга чейин Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, аларды өкүмзордукка айыпташкан.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда Орусиядан "Ош" эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылган. (AAb)

XS
SM
MD
LG