Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Орусияда Украинадагы согушка катышуучуларга акча төлөө тартиби өзгөрдү


Орусияна террордук мамлекет катары таанууну талап кылган акция. Оленивка, Донецк облусу, Украина. 2022-жылдын 30-июлу.
Орусияна террордук мамлекет катары таанууну талап кылган акция. Оленивка, Донецк облусу, Украина. 2022-жылдын 30-июлу.

Новосибирск, Курган, Саратов жана Ульяновск облустарында Украинадагы согушка катышууну каалаган ыктыярчылардын жаңы батальондору түзүлүүдө жана аларга бир жолу төлөнүүчү 300 миң рубль сунушталууда. Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматы боюнча, ошол эле маалда Орусиянын аймактарында ыктыярчыларга акча төлөөнү кийинкиге жылдыруулар башталды.

Башкыртстанда согушка барууну каалагандарга берилүүчү 200 миң рублдан акча үч айга чейин тоңдурулганын бул аймактын бийлигинен кабарлашты. Ал эми суткасына төлөнө турган эки миң рубль айына бир ирет берилет.

"Саратов облусунун эки батальонунда бериле турган 150 миңден рубль эми жаңы эрежелерге ылайык согушка барууну каалаган келишимге кол койгондон кийин 3 айдан соң гана колуна ала алат", - деп билдиришти жергиликтүү бийликтен.

Согушту изилдөө институтунун эксперттери эрежелердин мындай катаалдашына бийликтердин ыктыярчылар акчаны колуна алгандан кийин согушка баруудан баш тартышы ыктымал деген чочулоосу себеп болгонун айтышууда. Экинчи жагынан аймактарда ыктыярчыларга төлөөгө акча тартыш болуп жатышы да мүмкүн.

Өткөн аптада Чуваш жергесинен топтолуп Украинада согушуп жаткан "Атал" батальонунун кырктан ашуун ыктыярчылары келишимде каралган акча менен суткасына чегерилген каражатты колдоруна ала албай жатканын айтып, республиканын башчыларына кайрылышкан.

Чуваш республикасынын башчысы Олег Николаев 11-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, ар бир ыктыярчыга келишимге 50 миң рублден акча дароо колуна берилери, калган каражат болсо согуш талаасына киргенден кийин 3 айда төлөнө турганы айтылган. Кайрылууга кол койгон чуваш-орус аскерлери же бир ирет төлөнө турган акчаны, же суткасына деп берилүүчү каражатты ала албай жатканын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG