Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы толук ишке кире элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Азаттыктын" "Коопсуз шаар" боюнча долбоору боюнча жөнөткөн кайрылуусуна жооп берди. Министрдин орун басары Индира Шаршенованын 2-августта кол койгон катында айтылган маалыматка караганда "Коопсуз шаар" долбоору эки этапта ишке ашырылууда.

"Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун трассаларынын жогорку ылдамдыктагы тилкелеринде аппараттык-техникалык комплекстер тарабынан жол эрежесин бузууларды фото жана видеого тартуу жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат катта.

Маалыматка караганда экинчи этапты республиканын бардык облустарын, эки республикалык жана он беш райондук маанидеги шаарларды, ошондой эле 73 калктуу конуштарда киргизүү пландаштырылган. Жоопто азырынча экинчи этап толук кандуу ишке бериле электиги айтылган.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги долбоордун экинчи баскычын ишке киргизүү 2022-жылдын март айына бара турганын, кийин болсо июнь айында толук ишке кирерин жарыялаган.

2019-жылы сентябрда Кытайдын Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы тендерди уткан. Талап боюнча 2020-жылдын аягына чейин Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушундагы 306 жерде видеокамера коюлмак. Пандемиядан улам келишим 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган.

Ички иштер министрлигин маалыматы боюнча, быйыл жол кырсыктарынын кеспетинен каза болгондордун саны 26,4% (337ден 248ге), жаракат алгандардын саны 9,6% (5122ден 4629га) төмөндөгөн.

2021-жылы беш миңдей жол кырсыгы катталып, 500дөн ашуун адам каза тапкан. 2020-жылы 6126 кырсыктан 754 адам каза болгон (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 ирет машиналардын кырсыгы 760 адамдын (91и балдар) өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG