Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

"Кыялдагы" ижара акыдан чыккан нааразылык


"Кыял" бирикмесинин аймагындагы базар.

Бишкектеги Ош базарынын бир бурчунда жайгашкан "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси мамлекеттик ишканасына таандык жайда соода кылгандар ижара акы кымбаттап кеткенине нааразы болуп жатышат. Президенттин иш башкармалыгына караган жайдын жетекчиси ижаранын бир нече эсе көбөйгөнү негиздүү болгонун айтууда.

Буга чейин "Кыял" базарындагы талаш-тартыштар болуп, коррупцияга байланыштуу доомат айтылып, кылмыш иштери козголгон.

Акинай Талипова "Кыял" базарында улуттук кийимдерди сатат. Анын айтымында, буга чейин базардагы соода орундарынын бир чарчы метрине 94 сом төлөп келишкен, азыр жаңы келишимде болсо, 610 сом болуп көтөрүлгөн. Соодагер 3,5 чарчы метр жерге мурда 1,5 миң сомдон ашпаган акча төлөп келсе, эми 3510 сомго көтөрүлгөнүнө нааразы болууда.

"Мурда биздин жетекчибиз Данияр Тербишалиев болчу. Ал бар кезде келишим менен ижара акысына 1,5 миң сомдон төлөп иштегенбиз. Ал кетип, азыркы жетекчибиз Аттокуров келгенден кийин такыр эле келишими жок иштедик. Азыр алар бир жылдыкын чогултуп жазып, "ушуну төлөйсүңөр" деп кыйнап жатышат. Азыр бир чарчы метрин 610 сомдон деп жатышат. Тербишалиевдин убагында 94 сомдон төлөчүбүз. Негизи "Кыял" боюнча 100 сомдон ашчу эмес. Чогулуш өткөрдү, биз менен сүйлөштү. Ал болсо "мурда 30 миллион сом төлөсөк, азыр 50 миллион сом төлөйсүңөр деген кагаз келген, биз кандай болсо дагы ошол акчаны чыгарып беришибиз керек" деп жатат. Ошол ижара акысы көтөрүлдү деген кагазды көрсөткүлө десек, аны көрсөтпөй жатышат. Жаңы келишимде коммуналдык кызматтар дегени бар экен. Жылуулук, электр энергиясы, суу, таштанды үчүн деп жазып коюшуптур. Бизде болсо жылуулук жок. Буга чейин электр энергиясына өзүбүз эле төлөчүбүз, ал 30 сомдон ашчу эмес. Таштанды үчүн айына өзүбүз 100 сомдон төлөйбүз. Ошонун баарын бириктирип 1490 сом деп коюптур, буга чейин биз 200 сомдон ашпаган акча төлөчүбүз. Күзөткө ай сайын 200 сомдон өзүбүз төлөйбүз. Биз эки-үч жолу кабыл алыңыз деп кат жазып кайрылдык. Бирок кабыл албай жатышат. Кымбат ижараны төлөбөйбүз дегендерди чыгарып жиберип, өздөрүнүн адамдарын алып келип жатышат. "Биз азыр түз президентке карап калганбыз, силер эч жакка бара албайсыңар" деп коркутуп жатышат. Биз имараттын ичиндебиз, сыртта отургандар болсо чарчы метрине 56 сом, 35 сом төлөшөт экен", - деди Талипова.

"Кыял" өндүрүштүк мекемесинин башчысы Элдар Аттокуров бул кызматка 2021-жылы жазында дайындалган. "Азаттык" соодагерлердин нааразылыгына байланыштуу кайрылганда ал ижара акысынын көтөрүлүшүн базардагы буга чейинки коррупциялык схемаларды жоюу, жаңы баа саясаты менен түшүндүрдү. Ошондой эле убагында соода орундар сатылып кеткенин, кожоюндарынын арасында таасирдүү адамдар бар экенин белгилеп, бирок аларды ачык айткан жок.

"Бул жакта жасалма келишим түзүп алып, субижарачыларды коюп, жерлерди сатып, менчиктеп алып байыгандар көп болгон. Ошол жерди сатканда мамлекетке арзан кылып жазып койгон. Ал болсо Экономика министрлиги койгон тарифке жана баа саясатына туура келбеген санды жазып коюшкан. Бирок жерлерди сатып, субижарачыларды коюп, ошонун эсебинен пайда көрүшкөн. Жерлердин кожоюндарынын арасында журналисти, соту, прокурору, ГКНБсы жана депутаты дагы бар. Мен алардын баарын билем. "Кыял" ишканасы ошентип коррупциялык схеманын айынан каражаты жок калып, банкротко отуруп калган. Азыр ошонун баары жоюлуп, тарификациянын негизинде коюлуп жатат. Эгер нааразы болгондор болсо, бул жакка келиши керек. Мен азыр 25-августка чейин эмгек өргүүсүндө жүрөм, анан мага кантип жолугат? Бул жерде миңден ашык сатуучу бар. Алардын баары менен жолуккудай мен базарком эмесмин. Биз нормативдик-укуктук актынын негизинде иштейбиз".

Аттокуров ал бул кызматка келгенден кийин соодагерлер келишими жок иштеп калганын ырастады. Ал муну тиешелүү документтер болбогону менен негиздеди.

"Келишими жок иштеди дегенде, бул ишкананы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алып Президенттин иш башкармалыгына берген. Ошон үчүн нормативдик-укуктук актылар жок отуруп калганбыз. Арыздангандарды баары эски коррупциялык схемалар менен жүрүп, ошол жактан пайда көргөндөр. Көптөрүнүн орундарын алып, сатып алган жерлерди мамлекетке өткөрүп койгонбуз. "Кыял" мурда 25 миллион сом бюджетин толтура албай келсе, азыр болсо 30 миллион сомго чейин көтөрүп, быйыл бюджетти 50 миллион сом деп коюп салды. Бул биз үчүн оор. Мен азыр ижарачылар менен эмес, кол өнөрчүлөр менен алектенип жатам. "Кыялды" базар катары эле көрүшөт. Бул жерде базарды басып алышкан. Мамлекеттин орундарын кайра мамлекетке алып жатсам ошого даттанып жатышат. Кол өнөрчүлүктү сакташ керекпи, же базар кылып салыш керекпи? Кол өнөрчү апаларды алып келип, ремонт жасап жайларга киргиздик".

"Кыялда" Нуржамал аттуу соодагердин эки орду бар жана аларды 2019-жылы ар биринин алты миң доллардан ошол кездеги базардын администраторунан сатып алган. Анын ырасташынча, соңку кездери базарда соода соолгундап кеткен.

"Биз көптөн бери эле мурдагыдай соода кыла албай калганбыз. Бирде чыгып, бирде чыкпай эле жүрөбүз. Бааны көтөрүлүшү мүмкүн деген маалда бизди жыйынга чакырган. Орозо маалы эле азыр чырылдайбай эле туралы деп калып калганбыз. Анан апрель айынан тартып эле бааны көтөрүп жиберишти. Жетекчи болгондон кийин келип, эл менен акылдашпай, кабар бербей эле өзү билгендей жазып, "келишимди түзүп койдум, келип алып кеткиле" дегени туура эмес да. Азыркы мен иштеп жаткан жердин администратору башка, Рахим Алыбаев деген болчу. Менин эки ордум бар, ар бирин алты миң доллардан сатып алгам. Мен Рахим байкеден алган эмесмин, ошол кишиден алган адамдан алгам. Ошол маалда акылдашкам, "ала бер, элдин баары эле ушинтип алып жатат" деп айткан. Мага ошол маалда алба, жер өкмөткө карайт деп эч ким эскерткен эмес. Сатып алган кишинин колу коюлган тил каттар бар".

"Кыялдагы" ижарага байланыштуу нааразылык, дооматтар тууралуу президенттин иш башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.

Мындан үч жыл мурда "Азаттык" аталган соода жайдагы талаш-тартыштар тууралуу иликтөө программа тарткан. Анда ошол кездеги Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы "Кыял" ишканасына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, айрым адамдарга айып коюлган.

Анын алдында бул мекемедеги коррупциялык схема, чакан топтун гана үй-бүлөлүк бизнесине айланганы, акчанын кымырылышы тууралуу доомат бир канча жылдан бери эле айтылып келген жана белгилүү өнөр адамдары "Кыялды" маданий-туристтик борборго айлантууну талап кылып келишкен.

Иликтөөдө базардын жери мамлекеттики экенине карабай соода орундары 6 миң доллардан 15 миң долларга чейин сатыларын, ижара акысынан сырткары "бронь" деп акча чогултулары белгилүү болгон. "Кыял" ишканасы соңку жети-сегиз жылдын ичинде бир эмес, бир канча жолу текшерилгени, бирок анын жыйынтыгы ачык жарыяланбай калганы ачыкка чыккан.

Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында депутат болуп турганда кол өнөрчүлүккө байланыштуу мыйзам жазып, ал кабыл алынган. Мурдагы депутаттын баамында ишкананын азыркы жетекчиси кол өнөрчүлүккө көбүрөк басым жасап жатат.

"Биз мыйзамды үчүнчү окууда карап жатканда "Кыялдын" азыркы жетекчиси менен дагы тыгыз иштеп, алардын дагы пикирин уккканбыз. Кыялдын азыркы жетекчиси жети дубандан келген кол өнөрчүлөргө ишкананын имаратынан ар бирине кеңсе жана сырттан орун берди. Азыркы жетекчиси кол өнөрчүлөрдү бириктиргенге аракет кылып жатат. Аларды "Кыялдын" тегерегинде бириктиргенге мүмкүнчүлүк болот".

"Кыял" ишканасы Советтер Союзунун тушунда эле салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Азыркы имараты 1980-жылдардын аягында курулган. 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ишканага "мамлекеттик" деген макам ыйгарылган. 2017-жылы октябрга чейин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. Андан кийин ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун токтому менен президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.

"Кыялдан" капчыгы кампайгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:18 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG