Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:05

Көчмөндөр оюндарынын талаштуу жүгү


Көчмөндөр оюну. Ысык-Көл облусу, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Таласта өткөнү жаткан мамлекеттик деңгээлдеги Көчмөндөр оюндарына камылга сын-пикирлер менен коштолууда. Коомчулукта бул маданий иш-чараны өткөрүү аймактарды ашыкча чыгымга учуратып жатканын айтып жаткандар бар.

Экинчи тарап эгер айтылган иш-чаралар сарамжалдуулук менен уюштурулса ички жана сырткы туризмдин өнүгүшүнө, аймак аралык ынтымактын бекемделишине да өбөлгө түзөт деген пикирде.

Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Уларбек Борукеевдин айтымында, мындай иш-чаралар ириде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө түшкөн түйшүк болот.

«Мына, биздин Бекмолдо айыл өкмөтүндө өткөндө сессияда 150 миң сом акча каралды. «150 миң сом эмнеге керектелет?» десек: «Ал жерге жылкы союлат, бирөөнүн боз үйүн алып барып тигебиз, анын ижарасына, алып барган, алып келген жол акысына төлөнөт» деди. Чыгым ушинтип эле кетип атат. Мисалы, Бекмолдо айыл өкмөтү - дотациядан чыккан айыл өкмөт. Ал берип коюшу мүмкүн. Башкалар да бар да? Аларга мындай чыгым оордук келтирет», - дейт ал.

Айылдык кеңештин депутаты мамлекеттик деңгээлдеги Көчмөндөр оюндарын күтүрөтө өткөрүү экономикалык жактан ансыз да очорулуп турган аймактарга түшкөн ашыкча түйшүк деп эсептейт.

«Өздөрүнүн көйгөйлөрүн чече албай жатса үстүнө дагы түйшүк кошуп берип атышат. Эми айыл өкмөттөр айтылгандарды айла жок аткарганга туура келет. Өз каражатынын тиги жеринен кыскартат, бул жеринен кыскартат. Ошентип коррупцияга аралашат. Баарысы болуп турса, жетиштүү мамлекет болсок ал чыгымдан эч нерсе болмок эмеспиз. Айыл өкмөттөрүбүз азыр иштебей эле жалаң Көчмөндөр оюндары менен чуркап жүрөт. Баары ошол жакта. Той өткөнчө мунципалдык жетекчилерди өз ордунан табуу, айылда болуп жаткан маселелерди айтуу кыйын болуп калды».

Бакай Садыров.
Бакай Садыров.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров болсо «Азаттыкка» комментарий берип жатып Борукеевдин бул айтканын четке какты:

«Жок, андай болгон жок. Былтыр Айтматовдун 90 жылдыгын өткөргөндө облус аксакалдары өздөрү демилге көтөрүп, аны жалпы эл колдоп, ар ким өз салымын кошкон. Ошондо ал иш-чара элдик демилге менен өткөн. Быйыл андай болгон жок. Эч бир айыл өкмөтүнө, эч бир аткаминерге салым кошуу маселеси коюлган эмес».

Деген менен журналист Күнболот Момоконов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына Кыргызстанда мындай чоң маданий иш-чаралар дайыма эле жергиликтүү айыл өкмөттөрдү, жергиликтүү ишкерлерди тоорумай менен өтүп жүргөнү жашыруун эмес экенин жазып чыккан. Ал бийлик элди той-топурга үндөбөй, тескерисинче өндүрүшкө, жаратмандыкка, прогрессивдүү идеяларга ээрчитиш керек эле деген ойдо.

Күнболот Момоконов.
Күнболот Момоконов.

«Баягыда Таласка барганда оюн-зоок өтө турган стадионду барып көрдүм, - дейт журналист. - Ал стадион Алкановдун атында. Аны Алканов өзү деле куруп койсо болот эле. Болбой эле мамлекеттин 30 миллион сому бөлүнүптүр. Аны барып көрдүм. Быт-чыты чыгып жатат. 16-сентябрга чейин бүтөбү же бүтпөйбү, белгисиз. Башында эле «айыл өкмөттөрдөн, мамлекеттик мекемелерден акча чогултууну башташты» деп уктук. Андан тышкары да «баланча боз үй тигесиңер, ичин баланча каражат чыгарып жасалгалайсыңар, тамак-ашын даярдайсыңар» деген да маселелер бар. Албетте, бул иштердин баары көмүскөдө калат. Бирок ал акча кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнөн чыгып жатат да».

Момоконов Көчмөндөр оюндарынын башкы максаттарынын бири ички туризмди өнүктүрүү экенин, бул тармакты башка заманбап ыкмалар менен деле чечсе болорун жүйө келтирет. Ал Талас облусу боюнча: «Жайкысын келе турган туристтерге Манас ордонун маанилүүлүгүн арттырып, Киров суу сактагычынын айланасын акмалап көрбөйлүбү? Кышкы туризмди да ойлонуп, Беш-Таш жана башка жерлерге лыжа базасын ачууну же кайсыл бир жерге муз аянтчасын салууну пландабайлыбы?» деген суроолорду коёт.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев мамлекеттик деңгээлдеги көчмөндөр оюндары тууралуу басма сөз жыйынында Таласта башталган ички Көчмөндөр оюндары улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү жана каада-салтты унутта калтырбоону максат кылып, фестиваль вариантында өткөрүлөрүн билдирген:

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

«Бул жерде ар бир облус, шаар жетиден боз үй тигип катышат. Анын алкагында биз бир топ конкурстардын түрлөрүн аныктаганбыз. Конкурстардын атайын жобосу иштелип чыккан. Негизинен жети түрдүү конкурс болот. Театралдашкан оюн-зоок, улуттук ыр бийлер, салттуу кийимдер, боз үйлөрдүн жасалгаланышы, көркөм кол өнөрчүлүк сыяктуу кыргыздын улуттук байыркы маданиятына тиешелүү сынактар өтөт».

Иманалиев айткандай оюндардын маданий бөлүгү - этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар - «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт. Ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот. Спорт оюндары 16- сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталат деп пландалган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн эл аралык деңгээлде Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага жалпысынан 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

Өлкөнүн өзүндөгү Көчмөндөр оюндары алгач Талас облусунан башталды. Азырынча ага кете турган чыгымды тактоого мүмкүн болгон жок. Аталган оюн кийинки жылы эстафеталык эреже менен башка облустарда уланат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (27)

XS
SM
MD
LG