Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Боомдо сел каптаган жолдун бир тарабы ачылды


Боом капчыгайы. 2022-жылдын 5-августу.
Боом капчыгайы. 2022-жылдын 5-августу.

Боомдо селден улам жабылган авдожолдун бир тарабы ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 5-августта саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суусу Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 136 жана 138-чакырым аралыгында эки тилкедеги жолду кум шагылга толтурган.

Саат 17:00дө жолдун Балыкчы–Бишкек каттамы бир тараптуу ачылды. Машиналар ал жерден эки тарапка кезеги менен өтүп жатат.

Селдин айынан Боомдун автожолу буга чейин да бир нече жолу убактылуу жабылып, темир жол каттамы бир күнгө токтогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG