Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчи кызматынан бошотулду


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 5-августта билдирди.

Маалыматта "Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп айтылды.

Баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарын аркалап келген Бекназаров Малайзияга элчи болуп 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Быйыл 3-августта анын кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганы тууралуу пикирин билдирген маеги жергиликтүү медиалардын бирине жарыяланган. Кыргыз тарап Кумтөр алтын кенин өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын быйыл 29-июлда жарыялап, жетишилген келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлгөнүн билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG