Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Президент сотторду жарандык коомдон качпай, биргелешип иштөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аялдарга жана балдарга карата жасалган ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштерди Жогорку сот катуу көзөмөлгө алышы керек экенин бүгүн 5-августта президент Садыр Жапаров судьялар менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы соттордун ишине нааразылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчаларды түзүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгиледи:

«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», - деди Садыр Жапаров.

Президент коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу керек экенин да кошумчалады.

8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

27-майда жашы жете элек кызга тийишкен адамды үй камагына чыгарган Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков жетекчилик кызматтан кеткен.

Түп районунда 16 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши создугуп келе жатканына укук коргоочулар жана кыздын жакындары нааразы экенин билдирип келишет.

Араван районунда беш жаштагы кызына сексуалдык ыдык көрсөттү деп шек саналган адамдын иши "далилденбегени үчүн" кыскартылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG