Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Украинадан дагы үч кеме дан жүктөп Кара деңизге чыкты


Украинадан дан жүктөгөн кемелер. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадан дан жүктөгөн кемелер. Иллюстрациялык сүрөт.

Жүгөрү жүктөгөн үч кеме жума күнү Украинадан чыгып, гуманитардык коридорду көздөй жөнөдү. Бул тууралуу Украинанын Инфратүзүм министрлиги менен Түркиянын Коргоо министрлиги Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

MarineTraffic сервисинен маалыматтарынан көрүнүп тургандай, Navistar кемеси Одессанын портунан, Rojen жана Polarnet коңшу Черноморск портунан жолго чыкты. Алар жалпы 58 миң тонна жүгөрү ташып баратышат. Жүктөр Түркияга, Улуу Британияга жана Ирландияга кетет.

Бул согуш башталгандан берки украин дан азыктарын сыртка ташып бараткан экинчи кеме. Razoni деп аталган кеме Одессанын портунан 1-августта 26 миң тонна алып чыгып, 2-августта Босфор кысыгы аркылуу Ливанга өтүп кетти. Украинадан жалпы 28 миллион тонна дан азыктары экспортко чыгарууга даяр турат.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда Стамбулда кол койгон.

Соңку келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек эле. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG