Министрлер кабинети өлкөдөн баалуу жана кара металлдардын сыныктарын, ошондой эле калдыктарын Евразия экономикалык биримдигинен башка мамлекеттерге экспорттоого алты айга чейин тыюу салынды. Өкмөттөн билдиргендей, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен мурда пайдаланылган катализаторлорду жана анда камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга да тыюу салынды. Акылбек Жапаров кол койгон документ Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык, кабыл алынганы айтылган. Токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ошону менен катар регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура, таштанды) экспорттоого да алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.
Автоунаалардын катализаторлорун жана ага байланыштуу металлдардын калдыктарына четке сатууга тыюу салуу боюнча талап буга чейин бир нече ирет көтөрүлгөн. Ага катализатору жок авто унаалардан чыккан түтүн ден соолукка зыян экени, абаны ыксыз булгап жатканы текшерүүлөрдө далилденип келгени негиз болгон.
Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турган чыпка. Машинанын зот кычкылын, ис жана көмүр кычкыл газын зыянсыздандыра турган шайманы. Анда платина, палладий, родий сыяктуу баалуу металлдар бар.