Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Өспүрүмдү зордуктоого шектүүлөрдү бошоткон судья кызматын тапшырды


Жаналы Батырбеков. КТРКнын видеосунан алынган скрин.
Жаналы Батырбеков. КТРКнын видеосунан алынган скрин.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, судья сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкен.

Маалыматта өспүрүмдү зордуктоого шектелгендердин бошотулганы жөнүндө кабар маалымат каражаттарына чыгары менен жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайы менен таанышып, судьянын аракетинен өспүрүмдүн укугу тебеленген деп тааныганы айтылат.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков буга чейин өспүрүмдөргө жасалган кылмыштар боюнча туура эмес чечимдер көп болуп жатканын бир нече жолу айткан.

Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктоого шектүү болгон эки кишинин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотуп жибергенин кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG