Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Зордуктоого кабылган кызга жардам чогултула баштады


Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам акциясы жарыяланган алгачкы төрт саат ичинде 75 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн 8-июлда акциянын демилгечиси, жарандык активист жана белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

Ал бүгүн социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу кайрылуу жарыялап, кызга жардам берүүгө чакырган:

“Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Учурда ар бир сом чоң жардам бологону турат”.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жатат. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленди.

XS
SM
MD
LG